Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:32

24-ОКТЯБРЬ: ТАРЫХ БАРАКТАРЫ


1847-жылдын 24-октябрында Ормон хан Сибирь кыргыздарынын чекара начальниги генерал-майор Вишневскийге кат жолдогон. 1928-жылдын 24-октябрында Юсуп Абдрахманов Орто Азия Аткаруу комиссиясынын жыйынына катышып, сөз сүйлөгөн.

1847-жылдын 24-октябрында Ормон хан Сибирь кыргыздарынын чекара начальниги генерал-майор Вишневскийге кат жолдогон. Ормонхандын катында, козголоңчу Кенесарынын өлтүрүлүшүнө байланыштуу орус бийлиги кыргыздарды сүйлөшүү үчүн чакыргандыгына ыраазычылык билдирилет.

Императорго таазим көрсөтүп, белек-бечкек тапшырыш үчүн Орсон хан уулу Үмөтаалыны баш кылып атайын элчилик жиберген. Каттын мазмуну көрсөткөндөй, орус бийлиги кыргыз урууларынын башчысына сый-урмат көрсөтүп, алтын медаль, алтын жалатылган чепкен, ардак грамота берген. Мындан тышкаары, Ормон хан генерал-губернаторго, Кашгарды ээлеп алган хожолордун Кытайга каршы биргелешип аракет көрөлү деген чакырыгына көнбөй койгондугун билдирген.

1928-жылдын 24-октябрында Юсуп Абдрахманов Орто Азия Аткаруу комиссиясынын жыйынына катышып, байлардын чарбасын экспроприациялоо маселеси боюнча каршы пикирин билдирген. Анын көз карашына ылайык бай-манаптардын мал, мүлкүн тартып алуу жол-жобосу али иштелип чыккан эмес жана аны кандай ыкма менен жүргүзүү иши да белгисиз. Ошондуктан, адегенде кедей, кембагалдардын чарбасын уюштуруунун методун жолго коюп, анан барып байлардын мал-мүлкүн ортого алуу ыкмасын иштеп чыгуу зарыл деп маселени кабыргасынан койгон.

24-октябрда Кыргызстанда элчилердин кесиптик майрамы белгиленет. Тыш иштер министрдигинин кабарлоосуна караганда азыркы убакта дипломатиялык кызматта жүздөгөн дипломаттар эмгектенип, дүйнөнүн ондогон өлкөлөрүндө кыргыз элчилиги иштейт.

Тынычбек Акматбаевдин өлтүрүшүнө байланышкан нааразылык акция, 2005-жылдын 24-октябрында таң эртеден тарта Жогорку Кеңеш имаратынын кашында улантылды. Имарат маңдайына тогуз боз үй, эки көчмө кафе, эки аскер чатыры тигилип, акцияга чыккан адамдарга ысык тамак, чай берилип атты. Алар премьер-министр Феликс Кулов менен Жогорку Кеңеш төрагасы Өмүрбек Текебаевдин кызматтан кетишин талап кылышты. Адистердин айтымында, миңге чамалаган митинчилердин басымдуу көпчүлүгү Р. Акматбаевдин криминалдык тобундагы укук менен мамилеси келишпеген элементтер экендиги белгиленди.

Коопсуздук кеңеш катчысы Мирослав Ниязов 2005-жылдын ушул күнкү кечинде маалымат жыйын өткөрдү. Катчы Жогорку Кеңеш депутаты Т. Акматбаевдин өлүмү жана анын жактоочулары уюштурган митингден улам курчуган кырдаалды президент Курманбек Бакиев өзү көзөмөлгө алганын кабарлады.

2005-жылдын 24-октябрында кыргыз өкмөтү криминалдык элементтердин күч алышына байланыштуу калкка кайрылуу жолдоду. Анда учурдагы кырдаалды жөнгө салып, атуулдардын коопсуздугун камсыз кылыш үчүн күч структуралары мыйзам чегинде чара колдоноору айтылат. Кайрылууда өлкө атуулдарынан ар кандай баш аламандык, азгырыкка берилбестен өкмөткө көмөк көрсөтүү зарылчылыгы белгиленет.

Бу күнү Бириккен Улуттар Уюмунун уюшулушу белгиленип, 1935-жылы Кремлдин Спасский мунарасына рубин жылдызы орнотулуп, 1939-жылы Дэлавер штатында дүйнөдө биринчи жолу нейлон байпак сатыкка түшүп, 1632-жылы голланд натуралисти, микроскопту чыгарган Антони ван Левенгук, 1804-жылы немец физиги, телеграфты ойлоп тапкан Вильгельм Вебер, 1942-жылы таланттуу кинорежиссер Динара Асанова жарык дүйнөгө келген.
XS
SM
MD
LG