Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:00

ИРАН МЕНЕН ЕВРОПА ОРТОСУНДАГЫ СҮЙЛӨШҮҮДӨ ЖАҢЫ АЙЛАМПА БАШТАЛДЫ


Нарын АЙЫП, Прага Ирандын өзөктүк программалары боюнча Тегеран менен Европа Биримдиги ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн жаңы айлампасы 23-октябрда Рим шаарында башталды. Европа тараптан ал жолугушууга - Биримдиктин тышкы саясаты үчүн жооптуу Хавьер Солана катышты, Иран жактан болсо жаңы дайындалган өкүл келди.

Андай сүйлөшүүлөргө мурда - Ирандын Улуттук коопсуздук боюнча жогорку кеңешинин катчысы Али Ларижани катышып келген, бирок 20-октябрда президент Махмуд Ахмадинежад анын ордуна тышкы иштер министринин орун басары Саид Жалилини дайындады. Европа Биримдиги менен Тегеран ортосунда бул маселе боюнча 23-октябрда Рим шаарында болуп өткөн сүйлөшүүгө Жалили катышты, бирок аны европалык коомчулук менен тааныштыруу үчүн Ларижани дагы келди.

Хавьер Солана менен жоулугуп-сүйлөшкөндөн кийин Жалили журналисттерге - мындай жолугушуулар Иран менен Батыш мамлекеттери ортосундагы кызматташууну кеңейтүү үчүн иштей турганын билдирди: "Силер уккан чыгарсыңар, мен мурда да айткам, азыр дагы билдирем - Иран менен Европа ортосунда өткөрүлгөн мындай сүйлөшүүлөрдө көтөрүлгөн маселелер акыр-аягында маселе катары жок болуп, чечилгенден тышкары, мындай жолугушуулар эки тарап ортосундагы байланыштарды өнүктүрүү максатын дагы көздөйт", - деди Жалили Рим шаарында. Солананын айтымында, келерки сүйлөшүү ноябрдын аягында өтөөрү пландалууда.

Арменияга сапар менен барган Иран президенти Махмуд Ахмадинежад 22-октябрда - Римдеги сүйлөшүү башталаар алдында - атом энергетикасын өнүктүрүүгө Ирандын толук укугу бар жана Тегеран ал жолдон баш тартпайт деп дагы бир жолу кайталады.

Байкоочулар Жалилини - президент Ахмадинежадка жакын адам деп мүнөздөйт жана алардын айтымында, Батыш менен өткөрүлгөн сүйлөшүүдө ал катуу турумду карманаары бышык. Иран-Ирак согушу учурунда ал Революциялык жоокерлер катарында аракеттенген, кийин президенттер Али Акбар Хашеми Рафсанжани жана Мохаммад Хатаминин экөөнүн тең кеңешчиси болуп иштеген, андан соң Ирандын руханий жетекчиси аятолла Хаменеинин кеңсесинин башчысы болуп дайындалган жана азыр - тышкы иштер министринин орун басары.

Анткен менен мурда сүйлөшүү жүргүзүп келген Ларижани деле жумшак эмес болчу деп айтышат Иран боюнча эксперттер. Анын атасы дагы, кайынатасы дагы белгилүү аятоллалар. Ларижани өзү болсо көп жылдар бою Ирандын улуттук үналгы-сыналгысын жетектеп келген жана көп адамдар аны - өлкөдө сөз эркиндиги чектелип, диссиденттер куугунтукталганы үчүн жооптуу деп эсептейт.

Эмне үчүн Ларижанинин ордуна Жалили дайындалганы тууралуу "Фарда" радиосунун кабарчысы Жамшид Барзегар минтип айтат: "Байкоочулар эки нерсени белгилешет. Биринчиден, эгер өзөктүк маселе боюнча сүйлөшүүнү руханий жетекчи өзү тикелей башкарса, анда Батыш менен болгон сүйлөшүүлөргө Ларижани же Жалили катышабы, - ал баары бир. Экинчи жагынан алганда, бул маселе боюнча аятолла Хаменеи өзү жалгыз чечим чыгара албаса жана маселеге кайсы бир башка саясий күчтүн дагы таасири болсо, анда сүйлөшүүнү ким жүргүзүп жатканы чындап эле маанилүү", - дейт Барзегар.

Жалили 42 жашта жана айрым саясатчылардын айтымында, ал жаш муундун өкүлү.

XS
SM
MD
LG