Орусиялык БШК төрагасы Владимир Чуров бул орунга дайындалгандан соң алдыда өтчү шайлоолорду «өлүү жандарсыз» кыламын деген. Андай «өлүү жандар» - партиялар шайлоого катышууну эңсеп кол жыйнап атканда жоктон пайда болот деп эскерткен эле. Ошондуктан Борбордук шайлоо комиссиясы тизмеге алынган атуулдардын шек санаткандарын кошумча текшерүүдөн өткөрүп алардын жашап аткан жерин, өлү же тирүү экендигин далилдөө ишин жүргүзүшө тургандыгын убада кылган.
Орусиялык гезиттерде пайда болгон маалыматтарда БШК койгон катуу талаптардын жана бири – жер жерлерде шайлоону өткөрүүгө кол кабыш этчү кишилердин сөзсүз орусиялык атуул болушу керек экен. Экилтик атуулдугу бар кишилерди ал ишке жолтпоо талабы коюлганын жазышат. Балтика боюнда өлкөлөр: Эстония, Латвия жана Литва тарапта кош атуулдук алгандар үчүн, ал тургай Мамдуманы андан соң президентти шайлоо учурунда четке чыгуу же четтен кирүү токтотулары туурасында жазышат.
«Независимая газета» жазганга караганда, «федералдык бийлик корккону - «эки элдик атуулдар» чет өлкөлүк көз салуучулардын тилине кирип, тыңчылык кылышат». Кызык жери, ошол эле басылма: кишинин «кош атуулдугу» бар деген маалыматты буга дейре бир гана ФСБдан, ошондо да, бейрасмий гана алууга мүмкүн эле деп жазат.
Анализчилер арасында болсо Мамдуманын бешинчи шайланышынын жеңиши колдо деп турушкан «Бирдиктүү Орусия» жүрүм-турумун бир жактуу баалашууда. Саясий маалымат борборунун жетекчиси Алексей Мухин айтканга караганда, «шайлоонун жүрүшүндө «Бирдиктүү Орусия» карманган ык – атаандаш партияларды капарына албоо жана Владимир Путиндин аты менен анын админстрациясынын күчүн толук пайдаланып калууда болууда».
Алдынкы күнү тизмеге илинбей калган «Жашылдар» партиясынын жетекчилеринин бири Александр Белозеров болсо:"Башка партиялар үчүн ылайык, туура делген колдор эмнегедир биздин партия үчүн жараксыз, натуура болуп эсептелди», - дейт.
2003-жылы Мамдуманы шайлоодо бардыгы 23 партия жана блоктор ат салышышкан эле.