Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:29

ДНЕСТР ЖУМУРИЯТЫ ЭГЕМЕНДИК МАСЕЛЕСИН РЕФЕРЕНДУМГА АЛЫП ЧЫКТЫ


Ушул жекшембиде Днестр жумурияты Молдовадан эгемендик маселесин референдумга алып чыгууда. Анын аралыгында Днестр жумурияты Грузиядан өз алдынчалык жарыялаган Абхазия жана Түштүк Осетия менен бирдикте ушул күндөрү өз алдынча жыйын өткөрүп жатат.

Сухумиде 30-октябрда башталган саммит "Демократия жана элдердин укуктары үчүн биримдик"
деп аталат. Сухумидеги бул самиттин чегинде аталган сеператисттик жумурияттардын тышкы иштер министрлеринин кеңеши да жыйын өткөрөөрү кабарланган.

Бул самит аяктагандан эки күндөн кийин, 3-ноябрда мындан 16 жыл мурда өз алдынчалык жарыялаган Днестр жумурияты суверендүүлүгүн бекемдөө максатында референдум өткөрмөкчү. Эч ким тааныбаган жумурият Орусия менен биригүүнү максат кылат.

Орус тилдүүлөр басымдуулук кылган Днестр Молдовадан 1990-жылы бөлүнүп кеткен. 1992-жылы эки ортодо согуш чыгып, миңдеген кишинин өмүрү кыйылган. Согушту басыш үчүн киргизилген орусиялык аскерлер ошол бойдон Днестрде калып калган.

Днестр жумуриятында Молдованын өнөр-жайынын басымдуу бөлүгү жайгашкан. Кишинев бийликтери аймакты өз курамында сактап калууга дилгирленип, кеңири автономия сунуш эткен. Бирок жумурияттын жетекчилиги толук көз карандысыздыктан башканы кабыл албай келет. Жаңжал сеператисттерди жактай тургандыгын жашырбаган Орусия менен Европанын алакасына көлөкө түшүрүп келатат.

Днестр менен Молдованын чатагы мурдагы СССРдин аймагындагы "дымып жаткан" жаңжалдардын бири гана. Жогоруда сөз болгон Абхазия менен Түштүк Осетия Грузиядан өз алдынчалык жарыялашкан.

Кара деңиз менен Кавказ тоолорунун ортосунда жайгашкан Абхазия Грузия менен 1992-93-жылдары согушуп, өз алдынчалыкка жетишкен. Бул жеңиш жумурияттын изоляцияда калышына түрткү болгон, бирок абхаз бийликтери бара-бара Орусия менен жылуу мамиле түзүүгө жетишти. Орусия Абхазиянын тургундарына орус паспортун ыйгарып, ошондой эле пенсионерлерге пенсия төлөт берип турат.

Түштүк Осетия да 1990-жылдардын башындагы согушта Грузиядан бөлүнүп кеткен. Убактылуу элдешүү келишимине кол коюлган, бирок Грузияда батышчыл президент Михаил Саакашвили бийликке келген 2004-жылдан бери кырдаал чатак кайра тутанчудай чыңалды.

Түштүк Осетияда өз алдынчалыкты бекемдөө максатындагы референдум келерки аптанын соңуна белгиленген.

Экс-советтик аймактагы дагы бир жаңжал аймагы - Тоолуу Карабак. Бул аймак Азербайжандын карамагында кала берүүдө, бирок аны армян сеператисттери көзөмөлдөйт. Каспий деңизин дүйнөлүк базарлар менен бириктирген мунай кууру бул жаңжал аймагынан бир нече чакырым аралыкта өтөт.

Жаңыл Жусубжан, Прага

XS
SM
MD
LG