Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:02

«ЖАҢЫ КЫРГЫЗСТАН» ШАЙЛООДО «АК ЖОЛДУ» КОЛДОБОЙТ


«Жаңы Кыргызстан» партиясынын Ош шаардык лидери Замир Бөжөновдун айтымында, президенттин кеңешчиси Үсөн Сыдыков, вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Досбол Нур уулу түптөгөн алардын уюму акаевдик режимге каршы күрөшүп, Курманбек Бакиевдин 2005-жылдын мартында бийликке келишине үлкөн салым кошкон. Бирок, парламенттик шайлооонун астанасында мурдагы Президенттин камчысын чапкан, республиканы кыска мөөнөттө туңгуюкка кептеген «Алга, Кыргызстан», «Адилет» партияларынын жетекчилери жана мүчөлөрү кайрадан Бакиев негиздеген «Акжолду» ээлеп алышты. Ошол себептүү «Жаңы кыргызстанчылар» бийликтин «Акжол» партиясын колдоодон баш тартты.

- “Жаңы кыргызстан” партиясы акаевдик система менен келишкис күрөш жүргүзүп, элдик революцияда активдүү катышып, Бакиевди колдоп келген. Кайрылуу жасаганыбыздын себеби акыркы убактарда “Алга Кыргызстан” партиясы менен “Адилет” партиясынын лидерлери мурдагы эле Акаев режиминдеги өскөн коррупционерлерди кабыл ала баштады “Акжол” партиясы, муну менен келише албай жатабыз,- дейт Замир Бөжөнов.

Ушундай эле позицияны тутунушкандыгын «Жаңы Кыргызстандын» жети районду бириктирген Ош облустук штабынын башчысы Манас Эргешов да «Азаттыкка» кабарлады:

- Бакиев өзү дагы ойлонуп көрүш керек, Садыркулов, Юристан Тойчубеков булар элдин баары билип жүргөн адамдар. Эски Акаевдин куйруктары тазаланса. Эгер алар тазаланбай турган болсо биз өзүбүз барабыз,- деди Манас Эргешов.

«Акжол» партиясынын Оштогу штабынын жетекчиси Кубаныч Исаков жаңы түзүлгөн уюмга мурдагы акаевчил аткаминерлер кошулуп жатканын жашырган жок. Бирок, аларды электен өткөрүшөөрүн, баса, «Жаңы Кыргызстан» кимди колдосо өз эрки экендигин, ошондой эле алдыдагы шайлоодо административдик ресурстар зарылчылыкка жараша пайдаланылаарын ачык билдирди:

- Ар кандай сөздөр айтылып атат. Бирок админстративдик одоно мыйзам бузуулар болбойт. Бирок, кандайдыр бир жактан муктаж кылуучу адамдар болушу ыктымал,- деди Кубаныч Исаков.

Өмүрүндө эч кандай партияга кошулбаган Жаныбек Тайчабаров Жогорку Кеңешке шайлоо мезгилинде кечээги референдумдагыдай административдик ресурс ачык эле пайдаланылып, атүгүл Кыргыз парламентине оппозиция өкүлдөрүнүн келбей калуу коркунучу бардыгын эскертти:

- Шайлоодо админситративдик ресурс колдонулбайт, адилет өтөт дегенине мен анча ишене албайм. Оппозициялык маанайдагы партиялардын парламентке келбей калуу коркунучу да туулуда,- дейт Жаныбек Тайчабаров.

Европа коопсуздугу жана кызматташтыгы уюмунун эксперти Болуш Сайиевдин ынанымында, 16-декабрга белгиленген шайлоо мурдагыга салыштырганда кыйла тазараак, калысыраак өтүшүнө үмүт бар. Анткени, Кыргызстандагы партиялардын күрөшүү маданияты, саясий деңгээли акыркы убакта кыйла өскөндүгү байкалат. Ошентсе да, парламенттик таймаш учурунда, кийин деле бийликчил жана оппозициячыл маанайдагы партиялардын ортосунда чыр тутанышы ыктымал.

- Саясий партиялар кандайдыр бир деңгээлге өстү десек болот. Бийлик партиялар менен оппозиция партиялардын ортосунда талаш-тартыштар болуп кетет деген кээ бир саясатчылардын, эксперттердин божомолу бар,- дейт Болуш Сайиев.

XS
SM
MD
LG