Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:17

8:35 Кыргыз-өзбек-тажик чегарасынын тогошкон жери аныкталды


Бул тууралуу “Азаттыкка” кыргыз өкмөтүнүн аймактык маселелер боюнча бөлүмүнүн башчысы Саламат Аламанов билдирди. Анын айтуусунда кыргыз-өзбек-тажик чегарасынын тогошкон жерлери аныкталган соң, мындан аркы чегараларды аныктоо ылдамыраак жүрө баштайт. Кыргызстандын Баткен, Тажикстандын Согд, Өзбекстандын Фергана облустарынын айкашкан жерлери үч мамлекеттин тогошкон аймагы болуп саналат. Бүгүнкү күндө кыргыз-тажик чегарасынын 490 чакырымы, кыргыз-өзбек чегарасынын 1043 чакырымы такталды. Калган жерлер боюнча сүйлөшүүлөр уланып жатат,- дейт Саламат Аламанов. (ZKo)

XS
SM
MD
LG