Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:14

ОСМОНАКУН ИБРАИМОВДУ КЫЗМАТКА ДАЙЫНДОО ОҢУНАН ЧЫКПАДЫ


Мурдагы мамлекеттик катчы Осмонакун Ибраимовдун Кыргызстандын Улуу Британиядагы элчилигинде кеңешчилик кызматка дайындалып, кайра анын жокко чыгарылышы коомдо карама-каршы пикирлерди жаратты. Айрым саясат талдоочулар муну жогорку бийликтин кадр саясатынын алсыздыгы деп баалашса, айрымдары мурунку бийлик төбөлдөрүнүн мүмкүнчүлүгүн пайдалануу зарыл деген ойдо.

Тышкы иштер министрлигинен алынган маалыматка караганда, экс-мамлекеттик катчы жана Кыргызстандын Индиядагы мурдагы элчиси Осмонакун Ибраимов Улуу Британиядагы элчиликте кеңешчилик кызматка 2-ноябрда дайындалып, тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Эднан Карабаев анын үй-бүлөсү менен бирге Лондонго жол киресин камдоого да буйрук берүүгө да үлгүргөн. Бирок, президенттин басма сөз кызматы президенттик администрация жетекчиси Медет Садыркуловдун кийлигишүүсү менен ал буйрук токтотулгандыгын 6-ноябрда жарыя кылды. Президенттин басма сөз кызматы ага эмне себеп болгондугу тууралуу түшүндүрмө берүүдөн баш тартканы менен бир топ маалымат каражаттары Ибраимовдун дайындалышына азыркы бийликтин айрым өкүлдөрүнүн каршы болушу, анын ичинде мамлекеттик катчы Адахан Мадумаровдун ушуга байланыштуу кызматтан кетүү арызын президентке бериши да түрткү болду деп кабарлашты.

Адам укуктары боюнча президенттин алдындагы комиссия төрагасы Турсунбек Акундун билдирүүсү боюнча, президенттик администрация башчысы Эднан Карабаевдин кадр тандоо жаатындагы калпыстыгын оңдоо үчүн аракет кылды:

- Бул Тышкы иштер министринин кадр тандоодогу кетирген чоң катачылыгы, калпыстыгы болуп калды. Бул жерде президент макулдук бергенине мен ишенген жокмун. Эгер президенттин кабары болсо мындай ишке такыр барбасына менин көзүм жетет. Бул азыркы бийлик жөнүндө туура эмес коомдук пикир түзө турган иш. Ошондуктан Медет Садыркулов кеч болсо да киришип, кадр саясатын тазалоо боюнча көп иштерди жасап жатат.

Тунгуч президент Акаевдин башкы идеологу атанган Осмонакун Ибраимовдун дипломатиялык кызматка дайындалышын туура көрбөгөн саясатчылардын бири, экс-дипломат Ишенбай Абдуразаковдун баамында, мурда элчилик жана жогорку мамлекеттик кызматта жүргөн адамдын катардагы дипломатиялык кызматка барышы Кыргызстандын эл аралык аброюн басаңдатып, кадр саясатынын начардыгын айгинелеп коймок:

-Бул маселе этикалык маселе. Бул маселе мамлекеттин өзундө тартиби барбы же жокпу дегенди билдире турган маселе. Дипломаттык кадрларды даярдоо, өстүрүү жана билимине, дарамет, жөндөмүнө жараша кызматка дайындоо деген дипломатиялык практикада өтө маанилүү. Ушунун өзү кадр саясатынын жоктугун билдирет.

Ал эми “Эл аралык мамилелер жана социалдык инвестицияларды коргоо борборунун” бөлүм башчысы Карыбек Байбосунов мурдагы бийликтин тушунда иштеген кадрларды такыр сүрүп салбай, мүмкүнчүлүктөрүн пайдалануу зарыл деген пикирде:

- Бул жерде айрым адамдардын инсанаттык кемчиликтери эске алынып жатса керек жана мурун жасаган кылыктарын кайра жасабасын деген сын мамиле болушу толук мүмкүн. Бирок, кадрлардын мурда жыйналган тажрыйба, билими азыр оңой менен чогулбайт. Адам ишке бышыш үчүн көп убакыт керек. Ошондуктан, мурда иштеп кеткен кадрлардын потенциалын толук пайдаланыш керек.

Кыргызстандын Улуу Британиядагы элчиси Кубан Мамбеталиев болсо министрдин буйругун аткарбастыгын дароо билдирип, ага мурунку бийлик жүргүзгөн саясатка каршы күрөшкөн принциби жол бербестигин жана Кыргызстандын беделин көтөрүү үчүн жаш кадрларды тандоо зарылдыгын баса белгиледи:

-Мен буга кескин түрдө каршылыгымды айттым. “Мени менен бул жөнүндө эч ким макулдашкан эмес, ошон үчүн сиздин буйругуңузду аткарбайм” дедим. Менин башка позициям болушу мүмкүн эмес. Мен 15 жыл бою өз принциптеримди кармап жүрүп ушуга келгенде эле принципсиз болуп каламбы? Азыр бул жерде финансы, туризм боюнча көп иштер бар. Ага жүгүрүп иштеген жигиттер керек. Элүүдөн ашкан адамдардын бул жерде кереги жок.

XS
SM
MD
LG