Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:03

“АК ЖОЛДУН” БАГЫН БАЕКОВА АЧАБЫ?


Бийликке ыктаган «Ак жол» партиясын парламенттик шайлоого тизме боюнча Конституциялык Соттун төрайымы Чолпон Баекова баштап чыкмай болду. Мындай чечим партиянын 11-ноябрда өткөн курултайында кабыл алынды. Бир катар саясатчылар муну Конституциялык Соттун төрайымы менен президенттин ортосунда болгон соодалашуунун натыйжасы катары көрүп жатышат. Ошол эле учурда анын партиялык тизменин башына чыгарылышы тизмеде гендерлик жана аймактык теңчиликти камсыздоонун аракети деп эсептегендер да бар.

“Ак жол” саясий партиясы кечээ жабык эшик артында курултай өткөрүп, анда парламенттик шайлоого баруучу талапкерлердин тизмесин тактады. Тизменин башында Чолпон Баекова турат, андан кийин мамлекеттик катчы Адахан Мадумаров, Славян Университетинин ректору Владимир Нефадьев бар.

Партиянын жооптуу катчысы Жангороз Каниметов “Ак жол” партиясынын тизмесин Конституциялык соттун төрайымы Чолпон Баекова баштап чыкканы курултайдын делегаттарынын сунушу жана колдоосу менен болгондугун “Азаттыкка” билдирди. Анын айтуусунда Чолпон айым – кыргыз элине таанымал инсан, анын юрист катары басып өткөн жолун да калктын калың катмары билет.

Айрым саясатчылар партиялык тизменин башында Конституциялык соттун төрайымы Чолпон Баекованын коюлушу партиялык тизмеде гендерлик жана аймактык теңчиликти камсыздоо аракети болуу керек деген пикирлерин билдиришти. Коомдук ишмер, КДКнын теңтөрагасы Жыпар Жекшеев мына ушундай ойдо:

- Чолпон Баекова – көп жылдан бери Конституциялык Соттун төрайымы болуп, ага чейин депутат болуп иштеп жүрүп таанылган көрүнүктүү инсан. Ошондой эле акыркы убактарда эч кимге жашырын эмес, түндүк менен түштүктү баланстоо аракеттери ачык эле айтылып, иш жүзүнө ашырылып келе жатат. Чолпон Баекова түндүк аймагынан чыккан ишмер катары, аял катары сунушталган болуусу керек.

Ошол эле учурда Конституциялык Сот төрайымынын партиялык тизменин башына келиши аны менен президент Курманбек Бакиевдин ортосундагы соодалашуунун натыйжасы болуу керек деген пикирлер да бар. Атын атагысы келбеген саясатчы буга себеп – сентябрь айынын башында Конституциялык Сот тарабынан 2006-жылдын ноябрь жана декабрь айларында кабыл алынган варианттарынын жокко чыгарылышы болду деген оюн айтты. Ал ансыз да 2008-жылдын май айында Чолпон Баекованын Конституциялык Сотко төрайымдык кылуу мөөнөтү аяктай тургандыгын белгилеп, буга байланыштуу төрайым президент менен жең ичинен макулдашууга барып атат, мүмкүн ага парламенттин төрайымдыгы убада кылынган болуу керек деп божомолдойт.

“Ар-Намыс” партиясынын төрага орун басары Эмил Алиев жогорудагы саясатчынын пикирине толугу менен кошуларын билдирди. Ал Чолпон Баекова Конситуциялык соттун төрайымдык милдетин өткөрүп бербей туруп, шайлоого барам дегени мыйзамды одоно түрдө бузууга жатат, дейт.

Эмил Алиевдин сөзүн укук коргоочу, “Эр айдоочу” бейөкмөт уюмунун жетекчиси Качкын Булатов кубаттоого алды. Анын пикири боюнча Чолпон Баекова “Ак жол” партиясын жетектей турган болсо Конституциялык соттун төрайымдыгын тез арада өткөрүп берүүгө тийиш:

- Чолпон Баекова Конституциялык соттун төрайымы болгондон кийин көз карандысыз болушу керек эле. Анын партиянын катарына кирүүгө укугу жок болчу, эми кирмек тургай, аны башкарып аткан соң, тез арада кызматынан кетүүгө тийиш.

Чолпон Баекова 1993-жылы Конституциялык соттун төрайымы болуп он беш жылдык мөөнөткө дайындалган. Жакында эле президент тарабынан таркатылган парламент аны он төрт жылдык кызмат мөөнөтүнүн ичинде Башмыйзамды бир нече жолу бузууга барган деп айтыптап, Конституциялык соттун ишин териштирүү үчүн атайын чечим менен парламенттик комиссия түзгөн.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG