Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:13

13:35 “Ак жол” партиясына БШК тарабынан расмий түрдө эскертүү берилген эмес


“Атамекен” социалисттик партиясы мындан бир нече күн мурун “Акжол” партиясы мөөнөтүнөн мурда үгүт иштерин баштоо менен мыйзамды бузуп жатат деген кайрылуу менен БШКна жана Башкы прокуратурага кайрылган. Бүгүн аталган партия буга кайдыгер мамиле жасаганы үчүн БШКна чара колдонуу өтүнүчү менен Башкы прокуратурага кайрылгандыгын партиянын маалымат кызматы билдирди. Башкы прокурордун 1-орун басары Сумар Насиза бүгүн айрым маалымат каражаттарына БШК тарабынан “Ак жол” саясий партиясына эскертүү берилгендигин, анын бир нускасы Башкы прокуратурага келип түшкөндүгүн кабарлады. Ал эми БШК болсо “Ак жолго” расмий түрдө эскертүү берилбегенин бышыктоодо. БШК мүчөсү Жаркын Бапанованын “Азаттыкка” билдиргени боюнча “Атамекен” партиясынын кайрылуусу комиссиянын отурумуна коюлган эмес.
Шайлоо кодекси боюнча белгиленген мөөнөтүнөн мурда үгүт иштерин баштаган саясий партиялар парламенттик шайлоого катышууга кое берилбейт. (ZKo)

XS
SM
MD
LG