Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:40

12:20 Азия өнүктүрүү банкынын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси алмашты


Азия өнүктүрүү банкынын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн жаңы жетекчиси болуп –Лан Ву дайындалды. Ал Борбор Азия өлкөлөрү менен иш алып барууда тажрыйбасы мол адис катары саналат. Жаңы жетекчи Лан Ву менен өкмөт башчынын милдетин аткаруучу Алмазбек Атамбаевди бүгүн Азия өнүктүрүү банкынын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн мөөнөтү аяктап бараткан жетекчиси Ашраф Малик тааныштырды. Алмазбек Атамбаев Кыргызстандын экономиксын жана айыл чарбасын өнүктүрүүдө АӨБнын салымы зор болгондугун айтып, аталган банк тарабынан берилип жаткан насыя акчалар грант катарында берилип жатканына ыраазылыгын билдирди. Ашраф Малик болсо АӨБ долбоорлорунун ишке ашуусуна кыргыз өкмөтүнүн көмөгү күч болгонун белгиледи. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады. (ZKo)

XS
SM
MD
LG