Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:12

УКРАИНА КАРЫЗЫН КАЙТАРЫШКА УБАДА КЫЛДЫ, КҮТӨ ТУРАЛЫ


27 миллион доллар карыз акча расмий Киев менен Бишкектин экономикалык мамилесине салакасын тийгизип, украиндердин Дүйнөлүк соода уюмуна киришин кечеңдетүүдө. Социализм урагандан кийинки жылдары мурдагы экономикалык байланыш-катыштардын натыйжасында пайда болгон карыздарды Украина кыйла жыл моюнга албай келди. Талаштуу маселе Украина Дүйнөлүк соода уюмуна мүчө болуш үчүн Кыргызстандын макулдугун алуусуна келгенде кайрадан калкып чыкты. Бишкекте өткөн Украина менен Кыргызстан өкмөт мүчөлөрүнүн сүйлөшүүлөрүндө мына ушул талылуу маселенин айланасында талаш жүрдү.

Украинанын Дүйнөлүк соода уюмуна мүчө болуп кирүү ниетин билдиргенине он жылдан ашты. Украина өкмөтү кыргызстандык товарларга мындан жети жыл илгери антидемпингдик төлөмдөрдү киргизип, анын айынан өлкөнүн экономикалык кызыкчылыгы зыянга туш келгенин кыргыз өкмөтү да ошончо жылдан бери айтып келаткан. Кыргызстанда болсо украиналык товарлардын сатылышына эч кандай тоскоолдук коюлган жери жок. Украин агайындардын ачкыл суусунан таттууларына чейин базар жайнап сатылууда.

Дүйнөлүк соода уюмуна мүчөлүккө өтүш үчүн Украина 49 өлкө менен товарлар менен тейлөө кызматтарынын ичара ээн-эркин киришине шарт түзүү боюнча протоколдорго кол коюп чыкты. Азырынча андай документ Кыргызстан менен гана макулдашыла элек болчу. Анын себеби 90-жылдардын башында топтолгон 27 миллион доллар карызды Украинанын эмдигиче моюнга албай, аны чечүүнү маалкатып келатышына байланыштуу созулгандан-созулуп келаткан.

12-ноябрда Бишкекте Украина өкмөтүнүн биринчи орунбасары, каржы министри Николай Азаров менен Кыргызстандын каржы министринин милдетин аткаруучу Акылбек Жапаровдун сүйлөшүүлөрү башталды. Ага Украинанын тышкы иштер министри Арсений Ясенюк да катышууда. Кечээ ал кыргызстандык кесиптеши Эднан Карабаев менен өз ара кызматташуу боюнча протоколго кол койду. Э.Карабаевдин ырасташынча, Кыргызстан тарап талкууланган маселени бир жаңсыл чечүүгө кызыкдар, бирок да аны расмий документ катары макулдашуу иштери кыйла убакты-саатты алуучу түйшүгү көп жумуш болгону турат.

Мындан аз илгери Украина тарап 27 миллион доллар карыз акчанын 10 миллион долларын гуманитардык жана техникалык көмөк катары 10 жыл ичинде төлөп берүү сунушун билдирген. Калган акчаны кантип кайтаруу жайында кеп болгон эмес. Украин өкмөт башчысынын биринчи орунбасары, каржы министри Николай Азаров кечээ ортодогу түшүнбөстүктөрдү ачык-айкын чечип, буга чейинки таарыныч-урунучтарды унутуп, экономикалык, маданий, илимий, гуманитардык кызматташуунун жаңы деңгээлине көтөрүү ниетинде Бишкекке келишкенин билдирген. Украина өкмөтү бул ирет ортодо оор таш болуп туруп калган 27 миллион долларды түгөлү менен “техникалык жардам” эсебине көчүрүп, аны эмдиги жылдын 1-кварталынан кечиктирбей төлөп бере тургандыгын билдирүүдө.

Кыргызстандын каржы министрлигинин тышкы карыздар департаментинин жетекчиси Эрнис Абдуразаков өкмөттүк делегациялардын сүйлөшүүлөрүндө талкууга алынган маселе боюнча оозеки макулдашууларга жетишкендигин, анын жыйынтыгы расмий түрдө билдириле тургандыгын айтуу менен гана чектелди.

- Оозеки келишимге келдик, аны документтештирмейин биржаңсыл пикир айтыш кыйын. Биз бири-бирибизге ишенбей калдык. Документ негизинде болмоюн “тигил болду, бул болду” деп айта албайбыз. Биз бир келишимге келдик. Бирок да ал жактан бир документтер болушу керек, жарлык, токтом дегендей. Ошондон кийин кандай келишимге келгенибизди ачык эле айта баштайбыз",- дейт Эрнис Абдуразаков.

Ал эми Кыргызстандын каржы министринин милдетин аткаруучу Акылбек Жапаров сүйлөшүүлөрдө талаштуу маселелер жайында бир пикирге келишкенин ырастап, бирок алар ишке ашырылганда гана жыйынтыктуу бир бүтүм чыгарууга мүмкүн болорун билдирди.

- Буюрса 27 миллион доллардын тегерегинде биз Украина мамлекетинен жардам акча ала турган болдук. Ошону менен бирге биз Украинанын Дүйнөлүк соода уюмуна мүчөлүккө киришине байланыштуу сүйлөшүүлөрдү аягына чыгып калдык деп айта алам. Бизден барган лампочкаларга, башка товарларыбызга карата тарифтик саясаты боюнча алар өздөрүнүн макулдугун беришти. Алар айтканга биз макул болуп, мунаса менен бир чечимге келдик окшойт. Айтор, коңшу кытай эли айткандай, акпы, карабы, иши кылып мышык чычкан кармаса болду. 27 миллион доллар кыргыздарга келет го деген ой-пикирим бар. Төрөлө элек баланын кандай болорун билбей, ал тууралуу азырынча эч кимге айта элекпиз,- дейт Акылбек Жапаров.

Украинанын Кыргызстанга тышкы карызы боюнча талаштуу маселе анын Дүйнөлүк соода уюмуна мүчө болуп киришине чукул калганда оңуна чечилип калыш ыктымалдыгын айрым божомолчулар мурдатан эле айтып келишкен. Ошондон 27 миллион доллардын качан кайтарылышынан үмүтүн үзүп койгон кыргыз өкмөтү ушу азыр да акча колго тийгенда маселе оңунан чечилерин айтмакчы болуп этияттанып отурушпайбы.

XS
SM
MD
LG