Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:42

14:08 Шайлоонун таза өтүшүнө жарандык коом эмитен камданууда


БИШКЕК. Алдыдагы паламенттик шайлоонун ачык жана айкын өтүшүн камсыз кылуу үчүн “Таза табият”, “Кут дөөлөт”, “Интербилим” жана башка коомдук уюмдары убактылуу жарандык комитет түзүүнү демилгелеп жатышат. Бул тууралуу “Интербилим” бейөкмөт уюму кабарлады. Аталган комитет шайлоо күнү болгон көңүлүн шайлоочулардын укугун коргоого багыттаарын айтууда. Ал эми мыйзамдуулукту байкоо куралдары мурдагыдай: шайлоо алдындагы кырдаалга мониторинг жүргүзүү, талапкерлердин болгон иш аракеттерин иликтөө жана көз каранды эмес байкоочуларды даярдоо. Ошондой эле бул жарандык комитет кандайдыр бир саясий көз карашка көз каранды эместиги белгиленген. (ESu)

XS
SM
MD
LG