Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:48

18:40 «Ак жол партиясы» «Социал-демократтар» партиясы мөөнөтүнөн мурда үгүт иштерин жүргүзүп жатат деп БШКга арыз жолдоду


“Ак жол” партиясынын билдиргенине караганда, «Де факто» жана «Агым» гезиттеринде Өмүрбек Бабанов интервью берген жана Социал-демократтардын пайдасына чакырык менен чыккан, андан тышкары шайлоонун болжолдуу жыйынтыктарын айткан. Ошондуктан «Ак жол» партиясы БШКдан муну мыйзам бузу катары карап, протокол түзүп, аларды сотко өткөрүп берүүнү талап кылууда. Мындай маалыматты Социал-демократтар партиясынын мүчөсү Эдил Байсалов таратты.

Өз кезегинде социал-демократтардын партиясы бул дооматтарды төгүнгө чыгарууда. Алар аталган интервьюда шайлоо алдындагы үгүттөөнүн бир да элементтери камтылбагынын айтты. Ошол эле маалда Социал –демократтар партиясы БШКдан «Ак жол» партиясы тарабынан мамлекеттик кызматкерлерге кысым көрсөтүлүп, мектеп жана Жогорку окуу жайлардын мугалимдерин партияга массалык түрдө мүчө болууга мажбурлоо болуп жатканына көңүл бурууга чакырган.(MSu)

XS
SM
MD
LG