Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:44

ШАЙЛООДО АДМИНИСТРАТИВДИК РЕСУРС КОЛДОНУЛАРЫ АЙДАН АЧЫКПЫ..?


16-декабрда өтүүчү парламенттик шайлоо учурунда административдик ресурс колдонулат деген тынчсыздануулар азыртан айтыла баштады. Саясатчылардын айтуусунда бийлик өзүнө ыктаган саясий партияларды өткөрүү үчүн түрдүү жолдорго баруусу мүмкүн. Буга бир ай мурун болгон жалпы элдик Референдумдун жүрүшү жана жыйынтыгы далил экендигин белгилешет алар.

Партиялык тизме менен парламенттик шайлоо өтөрүнө бир айдан азыраак убакыт калды. Шайлоо алдындагы кырдаалга көз салган байкоочулар парламентке оппозициялык партияларды өткөрбөө үчүн бийлик тарабынан түрдүү ыкмалар жасалуусу мүмкүн деген көз караштарын айтышууда. Алардын ичинен эң негизгиси – административдик күч колдонуу белгиленүүдө. Айрым саясатчылар карапайым калк мурдагы шайлоолордой эле бул жолу да акча, арак, ун ж.б. таратылышын күтүп жаткандыгын, бирок бул жолку шайлоодо алардын ордун бийликтин камчысы ээлей тургандыгын айтышууда. “Акшумкар” партиясынын теңтөрагаларынын бири Темир Сариевдин айтуусунда административдик күч колдонуунун болгон түрлөрүнүн баары колдонулат:

- Бийлик күтүүсүз, чукул шайлоо жарыялаганда бир эле нерсеге: адмиинстративдик күчүнө ишенишкен. Анткени бир күндүк партия түзүлгөн. Ал эми административдик күч кандай колдонулат дегенге жооп көп. Азыр мугалимдерди, бюджеттик кызматкерлерди чакырып, баарын бийликтин партиясына өтөсүңөр, тууган-туушкандарыңардын паспорт номерлерин жазып келесиңер, алардын добуш бергенин көзөмөлгө аласыңар деп атышат. Шаарда шайлоо участкаларынын болочок төрагаларын чакырып, аларга милдет коюп атышат. Учурда башка партияларда иштеп жаткан адамдарды да коркутуп-үркүтүү жүрүп жатат. Мына ушунун баары – административдик күч колдонууга жатат,

Бийликке ыктаган партияларды колдоо максатында административдик күч эмитен эле жер-жерлерде ачык жана кыйыр түрдө колдонулуп жатат дешет байкоочулар. Буга жер-жерлерде мамлекеттик кызматкерлердин, мугалимдерди “Ак жол” партиясына күчтөп киргизүү мисал катары айтылууда. Укук коргоочу Качкын Булатов бул боюнча мугалимдерден арыз-дооматтар түшүп жаткандыгын маалымдады:

- Мисалы Нарын шаарындагы орто мектептердин директорлору, мугалимдери келип атышат. Аларга “Ак жол” партиясына киресиңер, тууган-туушкандарыңарды да алып келесиңер, деп кысып жатышыптыр.

Адамдарды эркинен тыш партияга өткөрүү болууда, ушунун өзү эле административдик күч колдонууга жатат дейт “Эркиндик” партиясынын төрагасы Топчубек Тургуналиев:

- Бийлик өзүнүн партиясын шайлоодон өткөрүүгө күч менен аракет жасап, элдин көңүлүн иренжитип жатат. Бюджеттен айлык алгандарды ачыктан-ачык эле мажбурлап атышат. Биз эмне “Алга Кыргызстан” болуп кеттикпи..?

“Ак жол” партиясынын мүчөлөрү болсо партиянын дарегине карата айтылган бардык айыптоолорду четке кагып келишүүдө. Партиянын Ош облустук координатору Авазбек Шамшиев парламенттик шайлоо калыс жана адилет өтөрүнө ишенерин билдирди:

- Мамлекеттик жетекчилерди же бюджеттик кызматкерлерли мажбурлоо болгон жок. Мунун баары суу кечпеген сөздөр. Шайлоодо шайлоочулар шайлайт да баары бир. Шайлоонун адилет, калыс өтүшүнө биз ишенебиз,

Айрым саясатчылар шайлоодо добуш берүү учурунда, жыйынтыгын эсептеген мезгилде сөзсүз түрдө бийликчил партиялардын кызыкчылыгы үчүн административдик күч колдонулат деп бышыкташат. Бийлик өзүнө ыңгайлуу жолдордун схемасын мурда эле чийип даярдап койгон, анын ичинде коюу сызык менен сызылганы жарым пайыздык босого. Бул босогону колдонуу менен бийлик өзүнө жакпаган саясий партияларды шайлоодон алып түшөт деген пикирлер да айтылууда. Жарым пайыздык чек боюнча маселени БШК көптөн бери карабай келе жатат. Бул маселени кароо тууралуу комиссиянын айрым мүчөлөрүнүн сунушу БШКнын бүгүнкү жыйынында да кабыл алынган жок. Ошентип, партиялар региондордогу шайлоочулардын тизмесинен 0,5% алыш керекпи, же жалпы республикалык тизмедеги шайлоочулардын санынан региондордон 0,5% керекпи деген суроо жоопсуз калууда.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG