Бул тууралуу Москва жана анын жака белдерине жумуш сапар менен барып келген БШК мүчөсү Жылдыз Жолдошева бүгүн маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, Москва, Санкт-Петербург, Казань, Омск, Екатеринбург шаарларында шайлоо участкалары ачылат. Ошондой эле Москва облусунда жана Москва шаарына жакын жерде иштеген эмгек мигранттарынын добуш берүүсүн жеңилдетүүнүн чаралары да көрүлүүдө. “Мүмкүн ал жерлерде да шайлоо участкалары ачылат”, -деп белгиледи Жолдошева. (AiT)