Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:26

КЫРГЫЗСТАНДЫН ЧЕГАРА КЫЗМАТЫН ЧЫҢДООГО КЫТАЙДЫН ЖАРДАМЫ ЧОҢ


18-ноябрдан 21-ноябрга чейин Кыргызстанда Кытай элдик-боштондук аскеринин расмий делегациясы болот. Кытайлык аскерий делегация мүчөлөрү Кыргызстандын коопсуздук кеңеш катчысы, Чегара кызматынын жетекчиси менен жолугушту. Кыргызстандын Чегара кызматын өнүктүрүүгө Кытай жыл сайын 12 миллион ашуун сомдук материалдык-техникалык колдоо көрсөтүп келатат. Ушундай эле жардамды Кыргызстан чегарачыларына Европа биримдиги, АКШ, башка өлкөлөр да жасашууда.

Быйыл 25-июнда Кыргызстан парламенти Чегара кызматынын “Чегараны комплекстүү башкаруу” программасын бекиткен. Ага ылайык Чегара кызматын түзүү, башкаруу системасын Европа биримдигине кирген өлкөлөрдүн стандартына шайкеш келтирүү милдети коюлган.

Бирок да 3878 чакырымга созулган Кыргызстан чегарасынын бир кыйла бөлүгү, асыресе кыргыз-өзбек, кыргыз-тажик чегарасы толугу менен аныкталып, такталып, бекитиле элек. Өзбекстан менен чектин 400 чакырымга жакыны тактала элек. Буга кошумча эки өлкө ортосунда 58 талаштуу жерлер бар. Ошондой эле маселелер кыргыз-тажик чегарасында деле биртоп.

Кыргызстандын коопсуздук кеңеш катчысы Токон Мамытов соңку эки жылда мына ушул эки чегараны тактоо, аныктоо иштерине көбүрөөк көңүл бурулганын белгилейт.

- Айта кетиш керек. Азыркы учурда Тажикстан менен 500 чакырым ашуун чегара такталды. Өзбекстан менен 1000 чакырым жер такталды. Мындан эки-үч жыл мурун бул маселелер туруп калбады беле. Эки жыл мурун Тажикстан менен 0 чакырым болчу. Иш жүзүндө бир да жер такталган эмес эле. Мына, кийинки эки жылда өкмөттүк комиссия иштеп, ошонун жыйынтыгында Тажикстан менен 500 чакырым жер, ал эми Өзбекстан менен 1000 чакырымга жакын жер такталды. Бул да, мен ойлойм, чоң жетишкендик болуш керек.

Кыргызстандын чегара кызматын күчөтүү, анда иштей турган кадрларды даярдоого Орусия менен Казакстан өкмөттөрү жакшы жардам берип жатышканын Токон Мамытов кошумчалай кетти. Анын айтуусунда, кытайлык аскер делегациясы менен жолугушуу маалында негизинен үч маселеге өзгөчө көңүл бурулду.

- Биздин чегара кызматыбызга эми дагы материалдык жардам көргөзөбүз деп жатышат. Былтыр 5 миллион юанга жардам беришти эле. Быйыл дагы 4 – 5 миллион юанга жардам бергени жатышат. Мындан тышкары кадр даярдоо маселеси. Мурда 15 офицер окуп келди эле. Азыр 3 офицер окуп жатат. Эми ушулардын санын көбөйтүү боюнча да маселе каралды. Үчүнчү маселе – кыргыз-кытай чегарачыларынын ортосундагы байланыш, мамиле. Баңгизатка, уюшулган кылмышка, мыйзамсыз миграцияга каршы биргелешип күрөшүү.

Кыргызстандын Чегара кызматынын маалымат бөлүмүнүн башчысы Үсөн Полотов чегараны башкарууну өркүндөтүү максатын көздөгөн программанын алкагында Европа биримдиги, Америка Кошмо Штаттары, Кытай эл республикасынан биртоп материалдык-техникалык жардам көрсөтүлүп жатканын айтты.

- Баңгизаттарды көзөмөлдөө программасы боюнча АКШ өткөн жылы 11 миллион сомдук колдоо көрсөттү. Кытай болсо 4 миллион юандын тегерегинде жардам берип келатат.

Европа биримдиги жыл сайын 2-3 чекара заставасын толук социалдык шартттары менен жасап берүү милдетин аткарып келатат. Негизи, чет мамлекеттерден келип жаткан ири материалдык-техникалык жардамдардын түпкү максаты - жаңыдан бутуна туруп келаткан Кыргызстандын Чегара кызматын колдоо, ага жетиштүү шарт түзүү, чек ара аркылуу баңгизаттардын, курал-жарактардын ташылып өтүшүнө бөгөт коюу.

Кытайлык аскердик расмий делегациянын жетекчиси Цзя Лекэнь Бекэщи эки өлкөнүн орток тоолору, коңшулук мамилеси бардыгын эскертип, чегарада бейпилдикти кармап туруу чегара кызматчыларынын жалпы максаты жана милдети экенин билдирди. Делегация мүчөлөрү иш сапары учурунда Канттагы чегара заставасында болуп, ал жердеги иш менен таанышып чыкмакчы.

XS
SM
MD
LG