Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:36

Украинада шахтыдагы жарылуудан кийин дайыны белгисиз кенчилерди издөө аракеттери уланууда


Өлкөнүн Донецк облусунун Засядько шахтысындагы кечээ метан газынын жарылуусунан кийин дайын –дареги белгисиз болуп жаткан кенчилердин саны 30тан ашат. Жарылуудан 72 кенчи каза тапкан, 350дөн ашуун кенчи андан аман чыкканы кабарланды. Бул - 1991-жылдан бери өлкөнүн көмүр шахтыларында орун алган эң ири кырсык катары эсептелинүүдө. Буга байланыштуу Донецк облусунда үч күнгө аза күтүү күнү жарыяланды.Украин президенти Виктор Ющенко премьер-министр Виктор Януковичтин өкмөтүн шахтыларда коопсуздук эрежелерин бекемдөө боюнча натыйжалуу иш жүргүзө албаганы үчүн сынга алды.

XS
SM
MD
LG