Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:07

КОСОВО ЕВРОСОЮЗДУ КООПТОНДУРАТ


Брюсселде бүгүн косоволуктар менен сербдердин кезектеги жолугушуусу болот.Сүйлөшүүлөргө арачылардын “үчилтиги” - Евросоюздун,АКШнын жана Россиянын өкүлдөрү катышат. Андан бир күн мурда Евросоюздун тышкы иштер министрлери косоволук албандарды 10-декабрга чейинки сүйлөшүүлөр натыйжа бербеген күндө да провинциянын көз карандысыздыгын жарыялоодон сактандырышты.

Брюсселдеги бүгүнкү жолугушуу эч кандай деле натыйжа бербестигин дипломаттар жакшы түшүнөт. Ошентсе да арачылар Сербия менен косоволук албандардын делегацияларын ушул айдын этегинде да дагы бир ирет сүйлөшүү үстөлүнө отургузууну көздөп жатышат.

Андан бир күн мурда Брюсселде өткөн жыйында Португалиянын тышкы иштер министри Луис Амадо евробиримдик “үчилтиктеги” өз өкүлү Волфанг Ишингер менен биргелешип тараптарды мунасага келтирүү үчүн эң акыркы мүнөткө чейин иштей турганын ырастады. “Эмнеге дегенде мындай келишим бу татаал процесстеги стабилдүүлүктүн фактору болмок. Эгер буга жетишүү мүмкүн болбосо, анда муну менен дүйнө кыйрап калбайт, бизге бир чечим кабыл алганга, кырдаалды баалап көргөнгө туура келет”, - деп айтты Амадо.

Өткөн ишембиде провинциядагы шайлоодо утуп чыккан Косово демократиялык партиясынын лидери, мурдагы партизандык бригаданын командири Хашим Тачи 10-декабрдан соң аймактын эгемендиги жарыялана турганын кайрадан билдирген эле. Мындай чечим калпыс кадам болорун, косоволуктар өздөрүн көз карандысыз деп жарыялаган күндө да аларга Евросоюз менен НАТОнун узак мезгилдүү колдоосу керек экенин Швециянын тышкы иштер министри Карль Бильдт атайылап эскертти.Кокус бул апаздар таңазар алынбаса, Косово кийин изоляцияда калышы мүмкүн.

Бул ойду Люксембургдун башкы дипломаты Жан Ассельборн да бышыктады.Согуш кезинде жаңбашы болуп жүрүп аброй ашырган Хашим Тачи жайчылык кезеңде да кадырлуу саясатчы болоруна, бу маселенин наркын ал түшүнөрүнө ишеним билдирип, Люксембург тышкы иштер министри : “Бир тараптуу түрдө аймактын көз карандысыздыгын жарыялоо өтө кубатталбас жана терс окуя болот, буга чейин жетишилгендердин баарын ойрон кылат”, - деп белгиледи.

Косово проблемасында Евросоюз ичинде бир беткей позиция жок. Бир катар өлкөлөр, айрыкча Испания, Словакия, Румыния жана Греция провинциянын эгемендиги кооптуу өнөгө түзөт деп эсептешет. Германия – Евросоюздун таасирдүү бир мүчөсү – алиге чейин арасат абалда.

Европалык дипломаттар Косовонун бир жактуу кадамы жалпы Балканга кайрадан бүлүк салышы ыктымал, өзгөчө Босния менен Герцеговинага катуу салака-сабырын тийгизиши мүмкүн деп чочулашат.

XS
SM
MD
LG