Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:53

РОЗА АКНАЗАРОВА: ЭЛ ТААНЫБАГАН ПАРТИЯЛАР ШАЙЛООГО БАРАТАТ


Парламенттик шайлоого 22 саясий партия барары алдын ала болжолдонуп калды. 16-декабрга белгиленген парламенттик чукул шайлоо Жогорку Кеңешке кимдерди алып келет. Саясий күчтөрдүн тең салмактуулугу кандай болот деген маселе коомчулукта талкууланган башкы маселелердин бири болуп жатат. Ушул жана башка актуалдуу маселелердин айланасында “Эл ынтымагы” саясий партиясынын жана партиялык парламент уюмунун төрайымы Роза Акназарова “Азаттыкка” маек куруп берген.

-Роза айым, көпчүлүк партиялар азыр шайлоого жасалма тоскоолдуктар Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан көп жасалып жатат деп жатышат.Сиз да байкоо жүргүзүп жатсаңыз керек. Саясий партияларга коюлган шарттар, маселен 90 дон кем эмес талапкер же республикалык тизме боюнча коюлган 0,5 % квотасы өңдүү талаптар партиялык тизме менен шайлоого жаңы бараткан Кыргызстандын шартында канчалык реалдуу болуп жатат. Сиздин пикириңиз?

- 0,5 % шайлоочулар тизмеси менен келип жатат. 0,5 % негизи баардык региондон болуш керек болуп жатат. Андан сырткары да 5 % тизме менен келиш керек болуп жатат. Тизмеде канча шайлоочулар болсо, ошонун негизинде. А негизи 5 % шайлоого келген кишилердин тизмеси менен болсо, ошондо туура болмок.

- Келе жаткан парламентте саясий күчтөрдүн тең салмактуулугу кандай болот деп күтүп жатасыздар?

- Негизи партия идеясы, программасы бар, идеясы үчүн күрөшкөн, өз эрки менен түзүлгөн уюм. Негизи партия менен келген парламент бул абдан күчтүү болот. Мурда ар ким өзү келчү эмес беле. Ал эми тизме менен келген партиянын өтө чоң милдеттенмелери болуш керек. Анткени, Кыргызстандын келечегин түптөгөн партия болуш керек. Эки милдетти бир аткарган партия болуш керек. Мисалы, мыйзам чыгарууда да милдетин аткарган, aткаруу бийликтин да милдетин аткарган, Кыргызстандын келечегин ойлогон, баардык стратегиясын, программасын түзгөн партиялардан болуш керек.

- Бизде азыр 22 партия дээрлиги өткөнү турат. Ошолордон караганда реалдуу сиз айткандай талаптарга дал келе турган партия барбы?

- Биз саясий партиялардын парламенти деп түзбөдүкпү. Анткен себеби, мени билсе дагы партиямды билбейт. Эмне үчүн күрөшкө чыкпай отурабыз. Эл партияларды эл жакшы түшүнө элек. Анткени, ошол партиянын лидерин эмес, ошол партиянын программасын, идеясын билиш керек. Партияларга элдер кызыккан эмес. Партия эч кандай функциялык милдетти аткарган эмес да. Эми жаңы Конституция киргенден кийин ошол партиялар программасын, идеясын элге жакшы түшүндүрүш керек эле.

- Андай болгондо азыр эл партияларды кабылдоого психологиялык жактан даяр эмеспи?

- Эл партияларды жакшы тааный элек. Биздин саясий партиялардын парламенти элге барып түшүндүрүп айтып берип жатат. Бирок эл анча жакшы түшүнө элек. Даярдык жакшы болуш керек. Күлүктү чабаарда аябай тапташ керек дегендей.

- Азыркы келе жаткан 22 партияга оңой менен ишеним арта албайт экенсиз да анда?

- Ошол партиялар кадрларын көрсөтүш керек. Азыркы келе жаткан партия баардык элдин катмарын камтыш керек. Эми бул партия келгенде абдан мүмкүнчүлүктөрү чоң болуп жатат. Бул партия келгенден кийин ишенишибиз керек.

- Маегиңизге ырахмат.

Маектешкен Бурул Сарыгулова

XS
SM
MD
LG