- Албетте бар. Кыргызстан өтө кичинекей өлкө. Бийликтин, президенттин элге билдирбей жасагысы келген аракеттеринин баары бат эле ачыкка чыгып калат. Мага жеткен маалыматтар боюнча төрт-беш жума мурда бардык чегара кызматтарына, Кыргызстанга кирүүчү жерлердин баарына “эгерде Жээнбеков Кыргызстанга келчү болсо, кармайсыңар” деген жашырун буйрук берилди.
- Бирок сиз “Атамекен” партиясынын атынан парламенттик шайлоого баруучу талапкер катары катталдыңыз. Шайлоо кодекси боюнча азыр сиздин кол тийбестик укугуңуз бар да..?
- Туура айтасыз. Бирок азыркы биздин бийликке мыйзамдын бары-жогу баары бир. Биздин бийлик азыр мыйзамга да, элдин маанайына да карабайт. Бул ошол үчүн жасалып аткан нерсе. Мага карата кылмыш ишинин козголушу, минтип издөө салынып атышы –саясий шантаж. Муну элдин баары эле билет. Мени позицияман тайдырып, бийликти сындаган сындарымды жокко чыгарып, “туура жолго” салгылары келип жатат. Анткени кийинки кезде көп оппозицинерлерди өздөрү тарапка тартып, коркутуп-үркүтүп атышпайбы. Анан мени да өздөрүнө тартууга мүмкүн болбогон соң, минтип мурдагы министр болуп иштеген кишиге бирдеме ойлоп табуу алар үчүн жеңил, ошондуктан, ушуга барып жатышат. Ошол кылмыш иши боюнча коркутууга өтүштү.
- Июнь айында эле сиздин үстүңүздөн кызмат абалынан пайдаланган деген берене менен кылмыш иши козголгону тууралуу өзүңүздүн кабарыңыз бар беле?
- Так маалыматтар жок болчу. Бирок мен апрель митингдерин уюштургандан кийин эле мамлекеттик мүлк комитетине күндө барышып, архивдерди аңтарып, мага компромат издеп баштаганын билем. Ошонун азыркы учурдагы жыйынтыгы чыгып атат.
- Парламенттик шайлоого катышуу үчүн Кыргызстанга келсеңиз мыйзам сиздин кол тийбестигиңиз бар экенин тастыктап турса да, сизди кармап, алпарып камап коюусу мүмкүн деген коркунуч барбы?
- Менимче, албетте бар. Жана айтканымдай биздин бийликке азыр мыйзам тоскоол боло албайт. Коркунуч бар. Бирок менин айтайын дегеним: корко турган эчнерсе жок. Мына менин кызматтан кеткениме үч жыл болду. Үч жылдын ичинде эмне үчүн коюшкан жок. Же болбосо президенттин өзү мени бүт маалымат каражаттары аркылуу “кыргыздын чыныгы уулу” деп мактап, андан кийин Малайзияга элчи кылып жиберип алып, эми минтип кылмыш ишин козгоп отурса, анда мен ойлойм: бул жерде саясий шантаждан башка эчкандай логика жок. Же мен ойлойм бардык элчилердин жана министрлердин баары – азыркы бийликтин логикасы боюнча –кылмышкерлер, биздин президент ушундай ыкмаларды колдоно турган болсо.
- Демек, сиз парламенттик шайлоого катышуу үчүн Кыргызстанга келесиз..?
- Мен азыркы окуп жаткан окуумда Кыргызстанга пайда алып келе аламбы деп окуп атам да. Бир эмес, он кылмыш ишин козгосо да, камамак тургай, андан башкасын жасай турган болсо да, албетте өз мекениме келем. Эч жакка качпайм. Эч ким коркута албайт, корко турган эчкандай күнөөм жок.
- Парламенттик шайлоого катышуу үчүн Кыргызстанга келишиңиз окууңузга жолтоо болбойбу?
- Жок, жолтоо болбойт. Анткени окуумдун бүтөрүнө үч эле ай калды. 20-декабрдан тарта каникул башталат. Мен азыр эки жума эртерээк бүтүрүүгө аракет кылып, сабагымдан эртерээк кое бергиле деп суранып атам. Андан кийин үч ай окуу болот да, анан бүтөт. Эгер парламентке өтүп калсам, эч кандай жолтоо болбойт. А эгерде буйрубай калса, дагы окуумду улантам. Анткени бул да –парламенттен кем эмес, келечекте көп жакшылыктарды алып келүүчү нерсе.
- А эгерде күч органдары мыйзамга карабай кармап барып, камап койсо..?
- Туура айтасыз, азыр биздин бийликке мыйзам жок. Эгерде андай боло турган болсo, башка салганды көрөбүз. Адам баласынын башына бардыгы: кыйынчылыктар да, жамандыктар да, жакшылыктар да келет. Аны убагында көрөбүз.
- Равшан мырза, сизге чоң рахмат!