Бүгүнкү отурумунда БШК сегиз партиянын тизмесин карап, алардын ичинен үч партиянын: “Эркиндик”, “Асаба” жана Социал-демократтар партиясынын атынан парламентке баруучу талапкерлерди каттады. Бул партиялардын өкүлдөрүнө талапкерлик мандат тапшырылды. Ал эми Жашылдар партиясы тизмесинде шайлоо кодекске туура келбеген мүчүлүштүктөр бар деген себеп менен катталган жок. Бул партиянын тизмесинде аялдарга, жаштарга жана аз улуттардын өкүлдөрүнө орун берүүдө так эместиктер бар деп маалымдалды.
Ошондой эле күн тартибиндеги “Ватан”, “Замандаш” жана “Жаңы мезгил” партияларынын шайлоо фонддорун түзгөндүгү тууралуу маалымат БШКга келип түшпөгөндүгүнө байланыштуу бул партияларды каттоо эртеңкиге калтырылды. Ал эми “Жаңы күч” партиясынын күрөөгө коюлган акчасы шайлоо фондунан эмес, партиянын эсебинен алынгандыгы тууралуу маселеге келгенде комиссия мүчөлөрүнүн пикири кайчы бөлүнүп, бул партиянын тизмесин кароо да эртеңкиге калтырылды.
БШКНын тизмени текшерүүчү жумушчу тобу “Ватан” саясий партиясынын атынан көрсөтүлгөн 16 талапкердин жарандыгы тууралуу маалыматтар так эместиги тууралуу билдирди. Бул боюнча да комиссия мүчөлөрүнүн пикирлери бөлүнүп кетти. БШКнын мүчөсү Жеңишбек Акматовдун “Азаттыкка” билдиргени боюнча бул акылга сыйбаган иш:
- Ошо жарандыгы такталбады деп айтылып аткан 16 кишинин ичинде Нарындын мурдагы губернатору, ЖК мурдагы депутаты Шамшыбек Медетбеков да жүрөт. Эми анын Кыргызстандын жараны экендигин атпай кыргыз журтчулугу билет да. Эгерде ИИМдин компьютерине аты түшпөй калса эле, кыргыз жараны эмес деген туура эмес. Тизмеде паспорттук маалыматтары так жазылып турат.
Дагы бир айтып кете турган нерсе, БШКнын кээ бир мүчөлөрү партиялык тизме менен күн мурунтан таанышууга мүмкүнчүлүк берилбей жаткандыгын айтып чыгышты. Алардын айтуусунда комиссия мүчөлөрүнө тизме отумурга 5-10 мүнөт калганда гана берилген. Комиссия мүчөсү Акылбек Сариев бул добуш берүүгө терс таасирин тийгизип жаткандыгын билдирип, добуш берүүдөн баш тартты.
Эртең 25-ноябрь саясий партиялардын талапкерлерин каттоонун акыркы күнү. Азыркы саатка чейин 7 саясий партия шайлоого катышууга укук алды. Ал эми төрт партиянын тизмеси катталган жок. Алардын бири – “Таза коом” саясий партиясынын лидери Абыдганы Эркебаев БШКнын чечимин мыйзамга сыйбаган иш деп баалап, сотко кайрыларын билдирген:
- Бул мыйзамга туура келбеген саясий чечим болду деп эсепетйм. Анткени биз аялдарга, жаштарга, аз улуттардын өкүлдөрүнө да квотаны ашыгы менен бергенбиз. Ошондуктан, биз БШКнын бул чечими боюнча сотко кайрылабыз.
Эртең БШК 12 партиянын тизмесин каттоо тууралуу маселени карайт.