«Башка Орусия» коалициясы ал шаарда көчө менен жүрүш жасоону бул жолу бийликтен уруксаты жок өткөрмөк болушкан. Ички иштер министрлигинин Петербургдук башкармасы билдиргенге караганда ондогон кишилер Сарай аянтында башаламандык чыгарууга аракет жасаган. Анын алдыңкы күнү Москвада көчөгө уруксат алып чыккан «Башка Орусия» коалициясынын лидерлери Гарри Каспаров менен Эдуард Лимонов, адам укугун коргоочу Лев Пономарев жана «Яблоко» партиясынын жаштар тобунун лидери Илья Яшинди да кармашкан.
«Путинсиз Орусия үчүн!» деген бул кыйкырыктар алтынчы күнү Маскөөдө, бийликтен уруксат алып чыгышкан болгону 3 миңдей «Башка Орусия» жааташтары айкырып атат. Бирок аларды академик Андрей Сахаров проспектисине келгенде бөлүп бөлүп токтотушкан. Анан оппозициялык «Бириккен атуулдук фронту» кыймылынын лидери Гарри Каспаровду баш кылып 17 кишини кармап кетишкен да митинг өтпөй калган. Маскөөнүн Мещан райондук соту алардан "биринчи күнгө дейре эч жакка кетпейм" деген тил кат алып туруп, үйлөрүнө кое бердирткен жана Каспаровду беш күндүк камакка алуу өкүмү менен олтургузуп койгон. Андан мурда Гарри Каспаров мындай деген эле:
- Коркутуу жолу менен режим өлкөнү жүгөндөп атат. Баарыбызды коркутуп-үркүтүп, кеп сүйлөө укугубуздан каңтарып атат. Ошон үчүн бийлик бизди туштараптан коркутуу менен чырмап атат.
Кечээ дем алыш күнү, 25-ноябрде Питерде, «Башка Орусиянын» жаататаштары митинг өткөрмөк болуп чыкканда да аларды ОМОН тороп туруп солчулдар күчү союзунун жетекчилери Никита Белых, Борис Немцов баш болгон ондогон кишини кармап кеткен. Ал күнү да митинг өтпөй калган.
Анализчилер баамында бийликтин оппозицияга калганда мындай катуу чара көрүүсү - президент Путин 21-ноябрде «Лужники» стадионунда оппозицияга карата каарын төгө сөз сүйлөөсүнөн кийин башталган. Ал жерде атынан атабаса да «Солчулдар күчү союзу» баш болгон либералдарга багыштап: «Алар батыштык эксперттерден сабак алышып, кошуна өлкөлөрдө машыгуу өткөрүшүп, эми Орусияда да көчөгө чыгууларды уюштурушат эмеспи»,- деп эскертти эле дешет.
Санкт-Петербургда «Башка Орусия» кошулмасы жүрүш өткөрүү үчүн эки апта бою бийликтен уруксат ала алган эмес. Шаар админстрациясынын жообу «машинелерге жолто болосуңар» болгон. Оппозиция ошондо болбой көчөгө чыгышкан жана аларды кармоо башталган.
Анализчилер айткан дагы бир пикирде, Баш мыйзам арибине ылайык шайлоого бара турган, депутаттыкка талапкер болуп катталган кишилерди күч органдарынын кармоого укугу жок экен. Ошого карабай кармоо болгон. ИТАР-ТАСС билдиргенге караганда уруксаты жок акцияга чыккандар эсеби жүзгө чукул киши болгон. Орусиялык ИИМ берген маалыматта «Сарай аянтына чыккан оппозициячылдар катары 500дөй болгон жана алардын ондогону кармалган».
Кечээ СПС жетекчилеринин бири Борис Надеждин «Азаттыкка» айткан пикринде: «Бийлик «Солчулдар күчү союзунун» жетекчилигин бүтүндөй кармап алууну чечкен. Эмне дегенде, азыр, партия президиумунун мүчөсүнүн көбү камакта олутуршат.» Бирок түштөн кийин ал партиянын сайты жазганга караганда көрүнүктүү саясатчы Борис Немцов бошоштулган. Калгандары эми акчалай айыпка жыгылып же камакка алынышы күтүлөт, ал биринчи күнү сот тараптан чечилет делинет.