Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:34

15:29 «Мекен»: Административдик ресурс болуп көрбөгөндөй иштеп атат


Мындай пикирин «Мекен» саясий партиясы бүгүн уюштурган маалымат жыйынында билдиришти. Алардын айтымында, парламенттик тизмеден 12 талапкердин өз каалоосу менен чыгышына коопсуздук кызматы таасир этти. Бир-эки партиянын кызыкчылыгы үчүн добуштарды сактап калуу максатын көздөгөн партия «Мекенди» атайылап каттоодон өткөрбөй койду дешти лидерлер. Партия лидерлеринин бири Кадыржан Батыровдун болжолунда муну улуттук азчылыкка жолтоо болуу максаты дагы бар. «Мекен» («Родина») партиясын борбордук шайлоо комиссиясы партиялык тизме Шайлоо кодексинин талаптарына туура келбейт деп, парламенттик кезексиз шайлоого талапкер катары каттоодон баш тарткан. Буга каршы болгон партия БШКнын чечимин жокко чыгарууну сурап Биринчи май райондук сотуна арыз берди. (BuS)

XS
SM
MD
LG