Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:36

БУШ МЕНЕН ОЛМЕРТ БҮГҮНКҮ ЖЫЙЫНДАН ЧОҢ ҮМҮТКӨР


Кечээ АКШ президенти Жорж Буш Ак үйдө адегенде Израилдин премьери Эхуд Олмерт, андан соң палестин автономиясынын башчысы Махмуд Аббас менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Сүйлөшүүлөрдө бүгүн Аннаполис шаарында ачылганы жаткан Жакынкы чыгыш саммитине, жалпы эле израил-палестин жаңжалын жөнгө салуунун келечегине байланыштуу маселелер талкууланды.

Сүйлөшүүлөр аяктаган соң президент Жорж Буш менен Израил премьери Эхуд Олмерт Жакынкы Чыгыштагы тынчтык процессин өнүктүргөнгө негиздер бар экенин белгилешти. Бул максатка жетишүүгө эки лидер тең Аннаполистеги эл аралык конференция жардамдашат деп ишенишет. Президент Буш тынчтык процессинин келечеги тууралуу израил премьери жана палестин автономиясынын башчысы менен олуттуу сүйлөшүүлөргө ниет кылып жатканын, болочокко оптимисттик маанайда карай турганын, буга Олмерт да кошуларын айтып, маектешине батылдыгы жана достугу үчүн ыраазылык билдирди.

Израил премьери өз кезегинде бул проблеманы чечүүдө дүйнөлүк жамааттын жардамы керектигин ырастап, палестиналыктар менен олуттуу сүйлөшүүлөргө белсенип жатышканын,тараптар “жакшы чечим” табарына ишендирди. “Бу эки тараптуу процесс”,- деп айтты Олмерт. Ошондуктан ага эл аралык колдоо керек. Израил жана палестин калкынын жакшы келечегин көздөп, чоң күч үрөп жатканы үчүн президент Буш менен мамлекеттик катчы Райска да Олмерт өз алкоосун багыштады.

Израил премьеринин соңунан Буш палестин автономиясынын лидери Махмуд Аббасты кабыл алып, сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Буштун айтымында, АКШ региондогу кырдаалга өз көз карашын таңуулай албайт, бирок аймактагы проблемаларды чечкенге көмөктөшө алат. “Биз силерге жардам көрсөтө алабыз, региондо тынчтык, ал эми палестин жеринде жашаган калктын жакшылыкка үмүтү болушун каалайбыз”,- деп айтты Буш.

Аббас болсо Буштун демилгесин “эң мыкты” кадам деп атады. Ал Аннаполистеги жыйын палестиналыктар менен израилдиктер ортосундагы туруктуу сүйлөшүүлөрдүн башталышы болуп каларына үмүт билдирди.

Сүйлөшүүлөр башталар алдында Абасстын жакын жардамчысы Ясир Абед Раббо палестин жана израил тарабы биргелешкен билдирүү даярдап жатканын кабарлаган эле. Документ бүгүн-эртең бүтөт, буга бизди АКШ шаштырып жатат, деп айтты палестин өкүлү.

XS
SM
MD
LG