Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:29

13:20 “Замандаш” жана “Жашылдар” партияларынын арызы боюнча сот чечими түштөн кийин чыгат


Аталган партиялар БШКнын алардын тизмесин каттабай койгон чечимин жокко чыгаруу тууралуу Биринчи май райондук сотуна кайрылышкан. Сот бул ишти эки күндөн бери кароодо. Бүгүн түшкө чейин сот тараптардын жүйөөлөрүн угууну улантып, чечим чыгарууну бүгүн саат 14.30га калтырды. Бүгүнкү сот отурумунда сөз сураган БШК мүчөсүнө сөз берилген жок. Ал ага сөз берүү мыйзамга туура келбестиги менен негизделди. Акылбек Сариев болсо бул партиялардын катталбай калышын «саясий заказ» деп эсептээрин «Азаттыктын» кабарчысына билдирди. БШК бул эки партиянын тизмесин 25-ноябрда карап, гендердик теңчилик сакталган эмес деген негизде каттоодон баш тарткан. (SM)

XS
SM
MD
LG