Шаардык кеңеш бүгүнкү сессиясында борбордо үч жерде: Жогорку Кеңештин алдындагы аянтта, А. Горький скверинде жана Молодая Гвардия- Жибек Жолу жолдорунун кесилишинде жайгашкан аянтта митинг, пикет, чогулуштарды өткөрүүгө уруксат берүү чечимин кабыл алды. Бул чечим жүрүштөргө тиешеси жок. Жүрүштөр эркин боло бермекчи. Шаардык кеңештин депутаты Нуржамал Байболова бул атуулдардын укугун чектөө бузуу деп билдирди. Бирок депутаттар көпчүлүк добуш менен токтом кабыл алды. (AiT)