Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:13

ИСПАНИЯ ЕККУну ЖЕТЕКТӨӨГӨ ГРЕЦИЯНЫ СУНУШ КЫЛДЫ


Казакстандын Eвропадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмун 2009-жылы жетектөө мүдөөсү ишке ашпайт шекилдүү. Уюмдун учурдагы президенти Испания анын ордуна Грецияны сунуш этүүдө. Бул тууралуу Мадридде аяктап жаткан Европадагы Коопсуздук жана Кызматтташтык уюмунун министрлер жыйынынын чегинде Орусиянын тышкы иштер министри билдирди. "Азаттыктын" Мадридде жүргөн кабарчысынын айтымында, бирок Сергей Лавров Казакстан 2010-жылы уюмга төрага болот деген компромисттик чечим кабыл алынганын бышыктады.

Орусиянын тышкы иштер министри Мадридде бүгүн өткөргөн пресс-конференцияда Казакстандын EККУну жетектөө аракети ишке ашпай тургандыгын айгинелеген билдирүү жасады. Пресс-конференцияда болгон биздин кабарчыбыз Брюс Паниер буларды билдирди:

- Лавровдун сөзү боюнча, Испания уюмду өзүнөн кийин Грециянын жетектешин сунуш этти. Бул сунуш боюнча Казакстан 2010-жылы, Литва 2011-жылы башкармакчы. Лавров мырза бул сунушту Орусиянын колдогон-колдобогонун айткан жок, бирок ал аны четке каккан да жок. Ошондуктан менин оюмча, Казакстанды колдогондор менен дагы күтө туруш керек дегендердин ортосунда мунаса жетишилген сыяктанат.

Мадриддеги маанилүү маселелердин арасында Орусиянын EККУнун шайлоолорду көзөмөлдөө боюнча ролун чектөө аракети да болду. Бүгүнкү пресс-конференцияда Лавров ушул темага да кайрылды:

- Лавров Орусиянын сунуштары катуу каршылыкка туш келгенине өкүнүчүн билдирди. Майда-чөйдөсүнө токтолбостон, ал "Биз EККУнун Демократиялык институттар жана Адам укуктары кеңсесин чабалдатууну максат кылган жокпуз, тескерисине Москва бул кеңсенин шайлоолорду көзөмөлдөөчү ролун бекемдөөнү көздөйт" деп ырастады. Ошол эле мезгилде Орусиянын тышкы иштер министри анын мындай ырастоосуна биз эмне үчүн ишенишибиз керек экендигин айткан жок, - деп билдирди Азаттыктын кабарчысы Испаниянын баш калаасынан.

Орусиянын бийликтери Грузияда жана Украинада тынчтык жол менен бирок элдик толкундоолордун аркасында бийлик алмашканы үчүн EККУнун Демократиялык институттар жана Адам укуктары кеңсесин күнөөлөп келет. Бул уюм аталган өлкөлөрдөгү шайлоолордун акыйкатсыздыгын сынга алган. Орусия шайлоого EККунун 50дөн ашпаган санда гана байкоочуларын жиберишин сунуш эткен. Бул өлкө даярдаган долбоордо ошондой эле чакырган мамлекет өзүнүн расмий жыйынтыгын чыгарганга чейин, EККунун байкоочулар миссиясына өз пикирин билдирүүгө тыюу салуу каралган.

Ушул аптанын соңунда Орусияда өтүп жаткан парламенттик шайлоого ЕККУ байкоочулар миссиясын жиберген жок, уюм Москва койгон талаптардан улам ушул кадамга барууга аргасыз болгонун кабарлаган.

Мадрид конференциясына Кыргызстандан тышкы иштер министринин кызматын аткаруучу Эднан Карабаев катышууда. Министрликтин маалымат кызматы билдиргендей, ал 29-ноябрда бир катар эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Анын ичинде Германиянын тышкы иштер министри, вице-канцлер Штайнмайер менен жолугушууда эл аралык Суу-энергетика академиясын ачуу маселеси каралды. Ошондой эле кыргыз президентинин Германияга визитине даярдык да сөзгө алынды.

Кыргыз-Австрия алакасынын чегинде да эки тараптуу мамилелерди кеңейтүү көйгөйү талкууланды. Австриянын тышкы иштер министрлигинин саясий иштер боюнча мамлекеттик катчысы Винклер менен жолугушууда соода-экономикалык кызматташттык суроолору каралды. Эднан Карабаев Австрияны экономикалык кызматташтык боюнча эки тараптуу комиссиянын ишин кайра жандантууга жана анын кезектеги жыйынын келерки жылдын биринчи жарымында өткөрүүгө чакырды.

Жаңыл Жусубжан, Прага

XS
SM
MD
LG