Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:54

РОССИЯЛЫКТАРДЫН КӨБҮ «КОЖОЮНДУ” КОЛДОШТУ


Улут лидери катары Владимир Путин элдик референдумдун биринчи айлампасында эле утуп чыкты, деп айтты “Бирдиктүү Россия” партиясынын лидери Борис Грызлов парламенттик шайлоонун алгачкы жыйынтыктарын комментариялап. Шайлоочулар да кечээ “өлкөнүн кожоюну үчүн” добуш беришкендигин айтышты.

“Путин – биздин улуттук лидер. Анын саясаты,соңку сегиз жылдагы багыт улантылат”, - деп айтты Грызлов. “Бирдиктүү Россия” Думадагы 450 мандаттын бери дегенде 250дөн ашыгын алганга ниет кылууда.

Грызлов добуш берүүнүн жүрүшүндө айрым бир мыйзам бузуулар болгонун да моюнга алды. Бирок муну Россиядагы режимдин ачык жана демократиялуу мүнөзүн бышыктаган көрүнүш катары түшүндүрдү. “Эгер башкача режим болгондо эч ким эч кандай мыйзам бузууларды көрө алмак да эмес”, - деп айтты “единоросстордун” төрагасы.

Шайлоонун жыйынтыгын Москванын шаар башчысы Юрий Лужков калктын “Бирдиктүү Россияга” эмес, президент Путинге көрсөткөн ишеними катары баалады. Эгер Путин партиянын федералдык тизмесин жетектебегенде “единоросстор” мынчалык артыкчылыкка ээ боло албас эле, деп айтты шаар башчы. Лужков эмки милдет улуттук лидерди кантип бийлик системасында калтыруу керек деген маселеде калды деп эсептейт.

Путиндин “планын” кечээ чынында эле шайлоочулардын басымдуу көбү колдоду. Алардын бири - Москвага жуук турган Одинцово шаарчасынын тургуну,77 жаштагы пенсионер Сергей Сауткин кайсы партия үчүн бүллүтен таштаганына кызыккан кабарчынын суроосуна: “Албетте, кожоюнду колдоп добуш бердим. Дагы ким үчүн добуш бермек элем? Башкалардын мага кереги жок. Кожоюн деген дайыма кожоюн болушу керек. Ошондуктан кожоюнга гана добуш берүүнү чечкемин”, - деп жооп берди.

Шайлоочулар арасында “кожоюн” үчүн добуш бергендер басымдуу көпчүлүктү түзгөн менен Путиндин саясатын жактабагандар да болду. 22 жаштагы Анна аттуу студент кыз: “Путин мага жакпайт.Ооз жүзүндө бирди айтат да, иш жүзүндө башканы жасайт”,- деп билдирди.

Шайлоонун алгачкы жыйынтыктарын либерал-демократтардын жетекчиси Владимир Жириновский өтө коомуту толо комментариялады. “Адилеттүү Россия” партиясынын лидери Сергей Миронов добуштардын соңку санагында алардын көрсөткүчү кыйла көтөрүлөрүнө ишенич билдирди. Коммунисттердин башчысы Геннадий Зюганов шайлоонун натыйжалары бурмалангандыгына даттанып, добуштардын теңжарыш санагын жүргүзүп жатышканын кабарлады.

Коммунисттер шайлоонун жыйынтыгын талашып, Жогорку сотко кайрылмакчы. Ал эми белгиленген чектен өтө албай калган солчул күчтөр союзунун лидери Никита Белых кечээки добуш берүү процессин Россиянын тарыхындагы эң ыпылас шайлоо деп атады.

XS
SM
MD
LG