Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:05

13:00 Уюшкан кылмыштуулуктун уюгун жок кылууга аракет жасалып жатат


Уюшкан кылмыштуу топтор тарабынан үстүбүздөгү жылдын он бир айында 282 оор кылмыш катталган. Такай иштеген 56 кылмыштуу топтордун мүчөлөрү кармалды. Азыркы учурда дагы 9 кылмыш тобунун мүчөлөрү эркиндикте жүрөт. Мындан тышкары бир нече буйрутма өлтүрүүлөрдүн бети ачылды. Жыргалбек Сурабалдиевдин өлүмү боюнча иш сотко ашырылды, ал эми Раатбек Санатбаевдин өлүмү ачылуу алдында турат, деп билдирди ИИМдин уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү башкармалыгынын жетекчиси Мелис Турганбаев маалымат жыйынында. Анын айтуусунда уюшкан кылмыштуулукка каршы мыйзам кабыл алынбаганына байланыштуу иш жакшы жылбай атат.
Уюшкан кылмыштуу топторду кармоо учурунда эки милиция кызматкери окко учкан. (ZKo)

XS
SM
MD
LG