Чек ара кызматынын нөөмөтчүсү СДПнын мүчөсү Эдил Байсалов 7-декабрда үйбүлөөсү менен Казакстанга өтүп кеткендигин “Азаттыкка” тастыктады:
Ал жалпы жарандык паспорту менен чекарадан кечки саат сегиз ченде өткөн. Бизге Э. Байсаловду кармагыла деген буйрук түшкөн эмес, ошону үчүн ал кадимкидей эле өтүп кетти. Эгерде кармагыла десе, анда кармайт элек.
Эдил Байсалов Германия жана башка элчиликтерден саясий баш паанек сурап кайрылгандыгы боюнча жетиштүү маалыматка ээ экенин президенттин алдындагы адам укуктары боюнча комиссиянын төрагасы Турсунбек Акун “Азаттыкка” берген интервьюсунда билдирди:
Отургузганы жатышат деп Э. Байсалов чет мамлекеттен баш паанек сурагандыгы боюнча бизде маалыматтар да, фактылар да бар. Ал үйбүлөөсүн алып мурдагы күнү Казакстанга кеткен. Бюллетен боюнча кылганы туура эмес да. Мен БШКны да, Эдилди да колдобойм. Балким ага бул боюнча кылмыш ишин козгобой эле коюш керек болчу, ошентсе да ал качпашы керек эле. Кечээ ал коңшу мамлекетке эс алганы кеткем деп жооп кайтарган экен. Биз анын кетип калышын катуу сындагандан кийин ал ушинтип айтууга аргасыз болду. Антпесе ал андан ары чет мамлекетке качып кете турган ою бар болчу. Эгерде ал кайра келбесе, Акаевдин тагдырын кайталайт.
Шайлоо бюллетендеринин интернет баракчада басылып чыгышынан башталган чатактын чордонунда турган Эдил Байсалов менен байланышууга эч бир мүмкүнчүлүк болгон жок. Бирок айрым маалымат каражаттары Э. Байсалов Казакстандын Алмата шаарына өзүнүн иштери менен дем алыш күндөрүнө гана кеткенин билдирди.
Эдил Байсаловдун партиялашы Бакыт Бешимов ал өлкөдөн качып кетүүгө барбайт деген ишенимде:
Эдил Байсалов эч жакка качпайт, керек болсо бардыгына чыдайт. Эдил эмнеден качышы керек, чындыгында мындай иштен кийин БШК толугу менен кызматынан кетиши кере эле.
Бюллетендерди басып чыгаруудан келип чыккан чатакта Байсаловду кордогонгдор да бар, колдогондор да жетиштүү. Кечээ Нарында жергиликтүү элдин өкүлдөрү жана партиянын мүчөлөрү Эдил Байсаловду коргоо комитетин түзүштү. Аталган комитеттин жетекчиси Амантур Төрөгелдиев Эдил Байсалов БШКны сындаганы үчүн, анын кемчиликтерин ачык-айкын айтканы үчүн ушинтип куугунтукталып жатат деп эсептейт:
Байсалов БШКнын кемчиликтерин, бюллетендердин сапаты боюнча көз карашын айткандыгы үчүн жапа чегип жатат. Басмаканадан бюллетенди сүрөткө түшүрүп, аны интернетке жарыялаганы үчүн чоң күнөө тагып, аны соттош керек деген көз караштар туура эмес. Ушунун барын адилеттик, калыстык менен чечилишин биздин комитет алдыда максат коюп жатат.
Эдил Байсаловго Башкы прокуратура мамлекетке 11 миллион сомдон ашык чыгым алып келди жана БШКнын ишине тоскоолдук кылды деген негиз менен 6-декабрда кылмыш ишин козгогон.