Бул тууралуу Венесуэлада өлкө башчысы Уго Чавес менен Беларус президенти Александр Лукашенконун жолугушуусунан кийин маалым болду. Чавес жана Лукашенко мунай, жаратылыш газы жана аскерий кызматташтык боюнча макулдашууга кол коюшту. Ушул учурда Беларус Орусиядан жаратылыш газын сатып алат. Чавес расмий Вашингтон Венесуэла жана Беларус лидерлерин диктатор деп сынга алганы үчүн айыптады.