Укук коргоочулар, айрым байкоочулар жана оппозициячыл партиялар бул жолку шайлоодо бийликчил “Ак Жол” партиясынын пайдасы үчүн мурда болуп көрбөгөндөй административдик ыкмалар колдонулуп жатат деп нааразы болушууда. Ушул өндүү сын дооматтар айрыкча аймактарда арбын.
Ошол эле маалда Бишкек шаарында да административдик ресурс кеңири колдонулуп жаткандыгы айтылууда. Оппозициячыл “Ата Мекен” партиясынын жетекчиси Өмүрбек Текебаев “Азаттык” үналгысына президент К. Бакиев баш болуп, мамлекеттик бийлик органдарды өз кызыкчылыктары үчүн толук кандуу иштеп, казыналык мекеме-уюмдардын кызматкерлери “Ак жол” партиясына мажбурлап өткөрүлүп жаткандыгын ачыктады:
-Прокурорлор, милиция баш болуп ачыктан-ачык “Ак жол” партиясына агитация жүргүзүп жатышат. “Партияга кирбейм колдобойм” дегендерди “арызыңды жазып, жумушуңдан бошо” деп бошотуп жатышат. Массалык маалымат каражаттарына да болуп көрбөгөндөй басымдар жасалып жатат. Тилекке каршы мына бул административдик ресурс өкмөткө баш ийет, президентке баш ийет. Министерстрликтер жана башка республикалык ведомстволордо иштеген кызматкерлер жер-жерлерге мамлекеттин эсебинен “Ак Жолду” үгүттөөгө командировкага жөнөтүлүп жатат. Бүгүнкү бийлик фальсификацияга, шайлоонун жыйынтыгын бурмалаганга жан үрөп атат.
Ал эми “Ак жол” партиясынын мүчөсү Жангороз Каниметов “Азаттык” үналгысына курган маегинде административдик ресурстар колдонулуп жатат деген айыптоолорду төгүнгө чыгарды:
-Административдик ресурсту колдонуу бизге пайда алып келбейт. Анткени мурунку шайлоолор бизге баарын көрсөткөн. Бүгүн элде да бийликтин кийлигишүүсүнө каршы пикирлер болушу мүмкүн. Мындай жерде биз жакшы жыйынтык ала албайбыз.
Бюджеттик мекемелерди мажбурлоо жолу менен мүчөлүккө каттоо туралуу дооматка Жангороз Каниетов буларды айтат:
-Биз андайга барган жокбуз. Эч ким каалабаса эч ким мажбурлабайт. Ушул өлкөнүн өнүгүшүнө туура жол бере ала турган партия силердики деп жөнөкөй адамдар штабдарга келип жатышат. Муну туура түшүнүш керек.
Ал ортодо биз шаардын айрым мамлекеттик мекемелерин кыдырып, административдик ресурс канчалык денгээлде колдонулуп жаткандыгын байкап көрөлү деп чечтик. Атын атагысы келбеген Бишкектик кызматкер буларды айтты:
-Мамлекеттик мекемелердин биринде иштейм. Учурда шайлоо алдында “Ак жол ” партиясына мажбурлоо аркылуу кирип, ошого үгүттөлүп атабыз. Анткени андай кылбасам жумушсуз калышым мүмкүн. Ал партия бизге жакын болбосо дагы биз ушул партияга иштегенге аргасыз болуп жатабыз.
Ошол эле маалда шаарда дарыгер болуп кызмат кылган Нуриля аттуу айым дарыгерлердин үгүт иштерине аралашканын көрбөгөнүн билдирди:
-Биздин мекемеде мен мындай мажбурлоону байкаган жокмун. Бирок уккам, элдерди кыйнап партияга кирсин, ар түрлүү акцияларды өткөрсүн деген талаптарды коюп жатышкандыгын. Ал эми бизге ар кайсы партиялардан добуш берип койгула деп келип жатышат. Бирок киргиле деп кыйнаган адам жок баары тынч эле.
Мурдагы президент Аскар Акаевдин тушунда административдик ыкмалар ЖОЖдордо өзгөчө колдонулуп келген. Бул жолу абал кандай? Бишкектик студент кыз Жылдыз буларды айтат:
-Партиялар жөнүндө көп айтылганы менен “Ак жол” партиясы боюнча көбүрөөк айтылат. Мисалы мугалимдер “Ак жолго” көп жүгүрүп жүрүшөт. Кээ бир мугалимдер болсо студенттерге “Ак жолду” колдогула, программасын окугула деп басым кылышууда. Менин байкоом боюнча мугалимдер арасында аталган партия боюнча иш көп болуп атат.
Айрым серепчилер бир партияга үгүттөөлөр күчөп жаткандыктан парламенттик шайлоонун калыс жана адилеттүү өтөөрүнөн күмөн санаган жарандар көбөйгөндүгүн белгилеп, ага эл арасында “Ак жол” партиясы көпчүлүктүн добушуна ээ болот деген пикир себеп болууда дешүүдө.