Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:17

11-ДЕКАБРЬ: ТАРЫХ БАРАКТАРЫ


Аймакта жашаган калктын санын тактап, ага жараша административдик бирдикти түзүү максатында уюшулган комиссия 1867-жылдын 11-декабрында Токмокко келген. 1924-жылдын 11-декабрында А. Сыдыковдун коммунисттик партиянын мүчөлүгү үчүнчү ирет калыбына келтирилген.

Россия империясы Орто Азияны басып алуу менен бирге, мындагы саясий бийлигин бекемдеш үчүн аймактык административдик реформа жүргүзгөн. 1867-жылы Түркстан генерал-губернатордугу уюшулуп, Токмок менен Нарын уезддери анын курамына кирген. Колониалдык бийлик аймактагы административдик түзүлүштү келиштириш максатында, Жетисуу менен Сырдарыя областтарынын башкаруу системасы туурасында долбоор иштеп чыккан. Ал үчүн аймакта жашаган калктын санын тактап, ага жараша административдик бирдикти түзүү иши каралган. Бу максатта уюшулган комиссия, 1867-жылдын 11-декабрында Токмокко келген. Комиссия Кыргызстан аймагында алты ай иштеп, анын натыйжасында 24072 түтүн 19 болуштукка бөлүнгөн.

Түркстан АССРинин билим берүү Наркому 1920-жылдын 11-декабрында сабатсыздыкты жою боюнча Атайын комиссия түздү.

XX кылымдын 20-жж. Кыргызстанда мамлекеттик башкаруу системасы калыптануу менен бирге, жаңыдан түптөлө баштаган элита арасында саясий күрөш курчуган. Абдыкерим Сыдыковдун Кыргызстандын мамлекеттик курулушунда авангарддык роль ойношу айрым «жолдошторго» жаккан эмес. 1924-жылдын күз айында ошол «жолдоштордун» аракети менен ага «саясий жат элемент» деген күнөө коюлуп, А. Сыдыков үчүнчү ирет партиядан чыгарылган. А. Сыдыковдун тийиштүү мекемелерге арыз жазып, абийирин коргоо аракетинен улам, 1924-жылдын 11-декабрында анын коммунисттик партияга мүчүлүгү калыбына келтирилген.

Кыргызстан эгемендик алгандан кийин мамлекеттик чегараны коргоо жана аны кайтаруу маселелери жаралган. Буга чейинки чегара проблемасы СССРдин 1982-жылкы мыйзамына ылайык чечилип, кыргыз өкмөтү 1991-жылдын 11-декабрында аталган мыйзамды Кыргыз Республикасынын аймагында колдонушун тааныган.

Жогорку Кеңеш депутаты Кубатбек Байболов 2005-жылдын 11-декабрында Конституциялык Кеңештен чыга тургандыгын билдирди. Саясий партиялар менен бейөкмөт уюмдардын бул күнкү жыйынында, К. Байболов азыр талкууланып жаткан Конституция долбооруна анын тиешеси жок экендигин жана ал бийлик тарабынан таңуулангандыгын эскертти.

Бу күнү, 1790-жылы А. В. Суворов жетектеген орус аскерлери түрктөрдүн Измаил чебин алып, 1919-жылы Московский комсомолец гезитинин биринчи саны «Юный коммунар» аталышында чыгып, 1979-жылы дастанчы-акын Абдыкалык Чоробаев жарык дүйнө менен кош айтышкан.
XS
SM
MD
LG