ОсОО “Циркон” фирмасынын башкы директору Түркия мамлекетинин атуулу Четин Сербет болуп саналат. Жергиликтүү укук коргоо кызматкерлеринин берген маалыматы боюнча аны 9-декабрь күнү кечки саат сегиздер чамасында белгисиз кылмышкерлер атып кеткен. Четин Сербеттин өлүмү боюнча Талас шаардык ички иштер бөлүмүнүн жетекчиси Кадыр Жаркыналиев бул кылмыш ишин адам өлтүрүү боюнча такшалган кылмышкер жасаган деп айтууда:
- Кечки 8-45де биздин күзөт бөлүмүнө звонок келип түштү. Топ менен 5 мүнөттүн ичинде 59-кварталда болдук, ал кишини атып кетиптир. Биз ооруканага жөнөттүк. Белгисиз бир адам эки жолу аткан экен. Биринчи ок ич жагына тийген экен, кулап жыгылгандан кийин, экинчи ок башына атылган. Кылмышты профессионалдар жасаган.
Четин Сербетти Талас шаарынын борборундагы 59-кварталында №4 үйдүн түштүк жагынан атып кетишкен. Аталган үйдүн биринчи кабатында жашаган Алымкан Байчороева апа, атылган үндү угуп, аны жөн гана кытайдын жардыргыч оюнчугу катары кабыл алгам дейт:
- Отуруп телевизор карайын десем эле тарс-турс деди. Мен ойлодум балдардын тарсылдагы башталган экен деп. Анан бир милиция келди ушундай деп. Эки жолу ок атылган, бирөөнүн үнү катуу, бирөө жай чыкты. Болду ушуну эле билем.
Кадыр Жаркыналиев бул кылмыш төөбурчак кабыл алып жаткан башка фирмалардын ортосундагы акчадан чыккан чатактан чыгышы мүмкүн деп божомолдойт:
- Балким өзү менен конкурент болуп аткан башка фирмадагылар заказ берип коюшу мүмкүн. Биздин божомолубуз боюнча бул жерде крупный акчалар жүргөн, чыр-чатактын бары эле акчадан келип чыккан болуш керек.
Жогоруда аталган төө бурчак кабыл алчу “Циркон” фирмасы Талас шаарынын күн батыш жагындагы жүк ташуучу автобазанын ичинде жайгашкаг. Автобазанын ичиндеги складдарды арендага алып, “Циркон” фирмасы бардык төө бурчак кабыл алуучу фирмалардай эле элден төө бурчакты 28-30 сомдон кабыл алып келген.
Талас шаарында ушул жылдын 11 айдын ичинде адам өлтүрүү боюнча жогорудагы фактыдан башка 2 кылмыш иши катталган. Талас шаардык укук коргоо кызматкерлеринин айтымында, эки кылмыштын тең бети ачылып, кылмышкерлер өз жазаларын алышкан.