Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Апрель, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:42

“АК ЖОЛДУН” ӨМҮРҮН ЭМНЕ УЗАРТАТ?


Коррупцияны жок кылыш үчүн Кыргызстанда кимге пара бериш керек? Маселен жыл сайын пара үчүн эле дүйнөдө 1 триллион АКШ доллары жумшалат экен деп жазган “Аргументы и факты в Кыргызстане” гезити коррупция темасына кайрылат. Банктын анализчиси Ирина Соколова айымдын айтымында коррупциянын өлбөй келаткандыгынын
эки себеби бар. 1-си бийлик жогортон төмөн көздөй ушундай бир жол менен түзүлгөн, бир эле кызматкердин бир канчалаган чоңдору бар, кызматкер өз идеясын турмушка ашыруу үчүн мына ошол чоңдордун ар биринин чөнтөгү аркылуу өтүүгө тийиш. 2-си, ар бирибиз бир иш бүткөрөрдө сөзсүз ал үчүн акча бериш керек деп ойлойбуз, мына ушулардан арылмайын коррупцияны жоюш мүмкүн эмес деп эсептейт. “Номенклатуралык капитализм” куруп жаткан Кыргызстан сыяктуу коррупциясы коолап-чайлап турган өлкөлөрдү “Пара менен басып алынган мамлекеттер” деп аташарын белгилейт гезит.

Социологиялык иликтөөлөрдүн көз каранды эмес институтунун деректири Раиса Полякова, мамлекеттик атка минерлердин коррупцияга белчесинен баткандыгына байланыштуу элде: “Кыргызстан-менин өлкөм, бирок Кыргыз республикасы менин мамлекетим эмес” деген түшүнүк жашап келатканын, эгер бийликтин “Ак жол” партиясы шайлоодо жеңип келсе коррупция менен ат үстүндө эмес, иш үстүндө күрөш жүргүзүүгө туура келерин, кокус буга чейинкидей эле ал партия коррупция менен күрөш жүргүзүп келаткандай түр көрсөтө берсе анда анын жашоодогу өмүрү өтө кыска болорун, андан кийин аны президенттин аброю да сактап калалбасын, анткени бийлик башындагылар 24-мартты бат эле унутуп салышканын айтса, ички иштер министринин атын атабаган мурдагы кызматкери президент адегенде өз айланасындагыларды тартипке салмайын эч кандай өзгөрүү болбостугун айтат. Саясат таануучу Нур Омаровдун байкоосунда, коррупция деген мамлекетти башкаруу механизминин бир бөлүгү болуп калганын, Кыргызстандын саясый күчтөрү коррупция менен күрөшмөк турсун өз ара ымалага келе албай жүрүшкөнүн, мурдагы СССР урандысынан туруп келген постсоветтик өлкөлөрдө көбүнесе коррупция менен күрөш өз каршылаштарынын көзүн тазалоо куралына айланып калганын белгилейт.

Ушул эле гезит “Күчтүү өлкө болуш үчүн бизге эмнелер жетпей жатат?” деген суроо менен айрым жарандарга кайрылган. Белгилүү коомдук ишмер Ишенбай Абдуразаков, тайысаң таяна турган эки нерсе бар дейт. Ал- Ыйман менен Мыйзам. Исламда да, Христианчылык менен Иудаизмде да “Өлтүрбө”, “Уурдаба”, “Алдаба” деген сөздөр бар. Тилекке каршы мына ушул үч осуяттын үчөө тең Кыргызстанда аткарылбай келет. Ошондо бар тилегиңди Кудайга койгондон бөлөк ылаажың калбай калат. Экинчиси-Конституция. Констиутция кабыл алуу боюнча дүйнөдө чемпион болдук. Баш мыйзамга жасалган мындай мамиле анын артындагы бүтүндөй мыйзамдардын кадам сайын бузулушуна алып келди. Кыскасы ыймансыз өлкөдө жакшы келечек куруу куру кыял. Мамлекеттин экономикалык бакубатчылыгы анын – жолдорунун, маданияты-туалеттеринин, демократиясы күч органдарынын деңгээлинен көрүнөт деп айтты. Саясатчы Кубатбек Байболов, Рим империясы дөөгүрсүгөн байгерчилик кесепетинен кыйрап жок болсо, кокус кудай сактабаса, биздин мамлекет биринчи кезекте Калп менен Ыймансыздыктан жок болот. 15-20 жыл мурда бул өлкөдө уурдап-жегендер жүрөгү түшүп жашачу, азыр андайлар ханга салам бербей жашап жатышат. Жетекчилерге келгенде кудай коңшу казактардын багын жакшы ачкан экен. А биздечи? Президент буйрук чыгарат. Анысы аткарылбаган бойдон кала берет деп жооп берди.

Коомдук ишмер Аликбек Жекшенкуловдун айтымында, биздин маңдайыбызга дагы башка бактылуу эл сыяктуу эле бактылуу жашоо вазипасы жазылган, ал үчүн бизде баары бар. Бирок бийлик революциядан кийинки сыноолорго туруштук бералган жок. Ал эми Батыштын саясый технологдорунун берген кеп-кеңештери Кыргызстанды такыр туюк жолго алып барып такады.

“Дело №...” гезити биринчи эле бетине “Чөнтөгүңөрдү аңтаргыла! Жаңы жылдан баштап газ кымбаттайт!” деп жазды. Анткени ала топу туугандарыбыз газды өзүлөрү гана сунуш кылган баа менен сатып аласыңар деп көжөлүп жатканын “Кыргызгаз” акционердик коомунун баш деректири Саламат Айтикеев айтып берген. Гезит ушул эле биринчи бети аркылуу дагы бир маалымат таратты. Анда Москва өкмөтүндө иштеп жаткан мурдагы жердешибиз Борис Силаев редакцияга телефон чалып, “Туран” партиясы менен шайлоо жарышына түшкөн Өкүмөтбек Алмакүчүков мырза үгүт иштерин Бишкектеги “Москва үйүн” бетине кармап жүргүзүп жатканына капа болгонун, бир жарым жыл мурун чынында эле Алмакүчүков “Москва үйүнүн” деректирлигине дайындалганын, бирок иштегенге келгенде чыпалагын да кыймылдатып койгонго жарабаганын, азыр аны Москва өкмөтүндө кызматтан алуу маселеси коюлуп жатканын, Алмакүчүков мырзанын орус драма театрындагы шайлоочулар менен жолугушуусунда Москва мэри Лужковдун атын ала жыгылып сүйлөгөнү эч кандай алкакка сыйбастыгын жана туура болбостугун белгилеген Борис Силаев, мына ушул айткандарын Кыргызстандын коомчулугуна кабардар кылып коюларын өтүнгөн.

Шайлообек ДҮЙШЕЕВ
XS
SM
MD
LG