Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:53

БАКЫТ БЕШИМОВ: СДПКны КҮЧТҮҮ ПАРТИЯ КАТАРЫ ЖАРЫШТАН ЧЫГАРУУ АРАКЕТИ БОЛУУДА


Бишкектеги райондор аралык сот 12-декабрда Башкы прокуратуранын Социал-демократтар партиясына каршы берген доо арызын канаттандырды. Соттун чечими менен партиянын акча каражаты жана мүлкү камакка алынып, СДП БШКнын пайдасынан 20 миллион 238 миң сом төлөп берүүгө тийиш. Ошондой эле коопсуздук кызматынын тапшырамасы менен Бишкек шаардык прокуратурасы кылмыш ишин козгоп, кечээ Эдиль Байсаловго издөө салынганы жарыяланды. Мына ушул окуяларга байланыштуу “Азаттык” Социал-демократтар партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү Бакыт Бешимовду кепке чакырган.

- Сиздердин партияга байланыштуу соттун кечээки чечимин кандайча баалайсыз. Анткени, айрым саясатчылар шайлоо бюллетендерин жарактан чыгарды деген себепке таянып туруп, Социал-демократтарды шайлоо жарышынан чыгарууга аракет болуп жатат деп айтып атышат.

- Ал абдан туура. Бул менимче саясий кадам. Алар биздин идеологияга, биздин коррупцияга ачык каршы чыкканыбызга байланыштуу. Бизди саясий күрөштөн ар кандай бут тосуу менен алып салгысы келип атат. Өзүңүздөр кээ бир нерсеге көңүл буруп койсоңуздар. Мисалы, бир топ укук коргоочулар БШКдан сурады токтом барбы бюллетендер жөнүндө, бюллетендер атайын кагазга басылсын, коргоо мехнизмдери болуу керек деген токтом барбы деп сураса, азыркыга чейин булар андай токтомду таап укук коргоочуларга бере албай атат. Экинчиден, эмне үчүн ошол бюллетендер жөнөкөй эле кагазда басылды? Үчүнчүдөн, эмне үчүн кээ бир Акүйдүн жөжө партиялары, мен “Туранды” айтып атам, булар СДПКны шайлоодон алып салыш керек деп сунуш менен чыгып атат? Ушул бардык түйүндөрдү бир карап көрсөңүздөр, мунун артынан бир эле саясат ачык-айкын чыгып атат, СДПКны күчтүү партия катары мындай күрөштөн алып коюш керек.

Мен Кыргызстандын болгон 80 пайыз аймагын кыдырдым, кыштактарга барып элдер менен жолугуп келдим. Айткым келет, эл таза бийликти сагынып калыптыр, эл коррупцияга каршы күрөшпөсөңөр болбойт деп катуу талап коюп атат. Ошондуктан, биз ошондой коррупцияга каршы чыккан партия катары Акүйдөгү, Көкүйдөгү, ар бир бийлик структурада жайгашкан коррупционерлердин жинине тийип атабыз. Ошолордун аракети азыр сиз айткан аракет.

-Ошондой эле 2-3 күн мурун Социал-демократтар партиясынын жооптуу катчысы Эдиль Байсаловдун Кыргызстандын чегарасынан чыгып кеткендиги тууралу маалымат айтылган. Кечээ Бишкек шаардык прокуратурасы ага издөө жарыялаганы маалым болду. Бул дагы саясий куугунтукка жатат деп айтууга болобу?

- Болот. Себеби ал эч жака качпайт, келет. Бирок муну ошондой аракеттер десем болот, эптеп-септеп биздин партияга шек келтирип туруп аны шайлоодон чыгарып кетүү.

-Ушул тапта башка партиялар менен катар эле сиздер дагы жер-жерлерди кыдырып жүрөсүздөр. Бийлик бир гана партиянын кызыкчылыгы үчүн иштеп, башка партиялардын үгүт иштерине тоскоолдуктар жасалып атат деп нааразылык болуп атат айрым бир партиялардан. Ушундай боло берсе, эгер шайлоодон бир гана партия өтүп келсе, анда бул кандай парламент болуп калышы мүмкүн.

- Сиздин сурооңузга жооп берердин алдында кыстырма сөзүм бар. Жалпы Жалалабат, Баткен, Ош облусун кыдырып келип айткым келип атат. Өзгөчө элет жери менен жолугуп, алар менен маектешкен партиялар аз эле болуп атат чынын айтканда. Мен мисалы көрдүм, кээ бир оппозициячыл партиялар шаарда эле жолугуп жүрөт. “Ак жол” партиясы бүткүл административдик ресурсту колдонуп атышат. Акимиаттар, айыл өкмөттөр чуркап атат элди чогултуп топтоп. Бул жасалма жолугушуулар болуп атат. Калган Акүйдө түзүлгөн жөжө партиялар бар, алар элет жакка барган жок, эч кимин көргөн жокмун. Калыс катары айтып коеюн, СДПК өз күчү менен бүт айыл кыштактарды кыдырган партия болуп атат учурда.

Эгерде Кыргызстанда ким бирөө Россияны туурап, же бир партиянын үстөмдүгүн каалап жатса жанылышат, болгондо дагы от менен ойноп атат. Биздин жаңы тарыхыбыз башкача. Жалпы кыргызстандыктардын менталитети ага жол бербейт. Бизге эмне керек болуп атат, бизге калыс шайлоо керек. Бирок ага азыр көзүм жетпей калды. Экинчиден, эл каалаган партиялар келсе жакшы болот эле. Элди өз эркине коюш керек. Элди басымга алып, коркутуп, мажбурлап шайлоого бир партияны түрткөндү токтотуш керек. Ошондуктан жер-жерлерде, мисалы мен айтып атам, эмне үчүн 12 партиянын арасында бир партия сүймөнчүк, 3-4 жөжө партиялар, калгандары өгөй болуп калдыбы, андай саясатты токтотуш керек.

Элдин эркине коюш керек, эл реалдуу программасына карап туруп өз добушун берсе, ошондо гана ошонун негизинде туура парламент түзүлөт, анан туура бийлик келет Кыргызстанга.

-Маегиңизге ырахмат.

XS
SM
MD
LG