“Ата мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев УТРКнын директорунун орун басары Эрнис Кыязовдун “Багыт” автордук программасында айткандары чындыкка коошпой турганын, бул шайлоо алдындагы каралоо кампаниясы экендигин, муну далилдеш үчүн калпы аныктоочу детектордон өтүүгө даяр экендигин билдирген эле. Бүгүн Бишкектеги эл аралык детектордук текшерүү борборунун адиси укук коргоочулардын катышуусунда саясатчыны эки саат бою детектордук текшерүүдөн өткөрдү. Иш-чарага “Кылым шамы” бейөкмөт уюмунун кеңсесинде өтүп, уюмдун жетекчиси Азиза Абдрасулова бул тууралуу төмөнкүлөргө токтолду:
- Журналисттерди жана башка адамдарды адис текшерүүгө катыштырган жок. Адис байкоочу катары укук коргоочулардын катышуусуна да каршы болду. Анткени бул тестирлөөдөн өтүп жаткан адамдын психикасына, абалына терс таасир тийгизет экен. Бирок Өмүрбек Текебаев укук коргоочулар катышсын деп талап кылып, биз катыштык.
Президенттин алдындагы адам укуктарын коргоо боюнча мамлекеттик комиссиясынын төрагасы Турсунбек Акун, детектордон УТРКнын директорунун орун басары, “Багыт” теле берүүсүндө Ө.Текебаевдин жаман сөз айтканын жар салып чыккан Эрнис Кыязовдун да өтүшү керектигин айтып чыккан. Бирок Эрнис Кыязов детектордон өтүүдөн баш тартып, анын себебин мындайча түшүндүрдү:
- Мени сөккөндүгүн радиодон айтканга таптакыр болбойт. Ушинтип айтканы негизи чын. Башка маселе, мен компьютердин тилин ичип-жеген адистер менен кеңешип чыктым. Алар детектор профессионалдын жардамы менен акты кара деп, караны ак дедиртип коюшу бат эле иш экен. Анан мен муну түшүнүп атам, жаш жигитти шайлоонун алдында садага чаап туруп пайдалангылары келип атат.
Өмүрбек Текебаев бийлик УТРКнын колу менен “Ата мекен” партиясын элди алдында жаман көрсөтүп жатканын, ошол себептүү шайлоо алдында детектордон өтүп коюуну чечкенин, буга соттук териштирүү боло турган болсо ал бүткүчө шайлоо жыйынтыктап калары себепчи болгонун айтып жатат. Саясатчы детектордук текшерүүнүн жыйынтыктары эртең белгилүү болорун билдирди:
- Акыркы жыйынтыгы эртең белгилүү болот. Америкадан текшерилип келет. Ошол жакка жиберишиптир, биз менен алардын он эки саат айырмасы бар экен.
Андан тышкары “Ата мекен” партиясы УТРКны кайрадан сотко бергенин да жарыялады. Мындан мурда мыйзам боюнча бөлүнгөн эфир убактысын бербей аткандыгы үчүн партия УТРКны сотко берип, жеңип алган эле. Өз кезегинде УТРК райондук соттун чечимин жокко чыгаруу үчүн Жогорку Сотко кайрылып, бул иш эртең каралмакчы.