Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:39

ЖЕҢИШБЕК НАЗАРАЛИЕВ: ОППОЗИЦИЯ ШАЙЛООДО ӨТПӨЙ КАЛА ТУРГАН БОЛСО, ЧЫР-ЧАТАК ЧЫГАТ


“Асаба» партиясынын тизме башында турган Жеңишбек Назаралиев парламенттик шайлоодон талапкерлигин алып салды. Эмне үчүн ушундай чечимге барганын доктор Жеңишбек Назаралиев таңкы «Азаттыкка» берген маегинде чечмелеп айтып берди.

- Сиз кечээ парламенттик шайлоодон баш тартып, «Асаба «партиясынын тизмесинен чыгаарыңызды жарыяладыңыз. Буга шайлоонун жүрүшү тууралуу карта толук ачылышы себеп болдубу же сиздин шайлоого бойкот жарыялоо тууралуу пикириңиз менен партиянын саясий кеңешинин макул болбогону себеппи?

- Биринчиден, административдик ресурс колдонулуп, ушул күнгө чейин бизге эч мүмкүнчүлүк болбогону, жакшылап иштеп өзүбүздүн оюбузду, пикирибизди элге жеткиргенге мүмкүнчүлүк берилбей жатат. Эң кыйналган жерибиз - КТР телерадиокомпаниясы бизге убакытты бербей койду. Чаекке, Алайкууга же башка региондорго өзүбүздүн оюбузду, пикирибизди, программабызды жеткирүүгө мүмкүнчүлүк болбоду. Биз кантип элди көтөрөбүз, кантип толук маалымат жеткиребиз. Бир гана жол болуп жатат. Акча менен сатып алуу керек. Бирок, мен бул жолго эч качан барбаймын. Эл өзү колдош керек. Эл өзүлөрүнүн келечегин ойлонсо акча менен эмес, ой-пикир менен шайлаш керек. Президент башында эле өтө турган партияларды белгилеп койду. Өзүнө ылайыктуу, өзүнө жумшак, жакын партиялар менен сүйлөшүп, тизмени түзүп койгон. Ошондуктан биз миллион долларды жумшасак дагы баардыгы күйүп кетет. Акырында биз уттурабыз. Уттургандан кийин булардын ою -доктор Назаралиев менен «Асабаны» эл астында шылдың кылып, уят кылып, мына утулдуңар деп жаман жактан көрсөткөнгө барышы мүмкүн. Ошондуктан мен башка партияларды карап, мыйзам бузулуп жаткандыктан бойкот жарыяладым.

- Жеңишбек мырза, сиз мурдагы бийликтин тушунда дагы бийликтин саясаты менен макул эместигиңизди билдирип, өз оюңузду айтып катуу чыккан элеңиз, ачуу сын-пикирлерди айтып. Бул жолу дагы ушундай кадам жасалып жатат. Бирок, сиз билесизби 2005-жылы президенттик шайлоого талапкерлигиңизди коюп, бирок кандайдыр бир себептер менен алып салгандан кийин сиз Кыргызстандагы саясий аренадан көрүнбөй калгансыз. Бул жолу дагы ушундай көрүнүш болбойбу?

- Жок. Эч качан андай болбойт. 2005-жылы Бакиев Кулов менен тандем кылгандан кийин мен талапкерлигимди алып салдым. Азыркы шайлоодо мен өзүмдү жалпы тизмеден алдым. Бирок, мен бойкот менен кетип жатам. 17-декабрда жеңген-жеңилген партиялардын тизмелери чыккандан кийин эле бул иш токтоп калбайт да. Ошол күнү билинет. Эгерде оппозиция партиялар өтпөй кала турган болсо, кайрадан митингдер башталат. Кайрадан чыр-чатактар болот. Ошондо Назаралиев дайыма элдин жанында болот. Партиялардын жанында болот. Мен кеткен жокмун.

- Сиз кечээки маалымат жыйынында айттыңыз, айрым оппозициялык партияларды колдоого алам деп. Бул колдоо кандай түрдө болмокчу. Сиз өзүнүз кандайдыр бир саясий кыймыл ачуу жөнүндө оюңуз барбы?

- Биз саясий кыймыл түзүп, бизге кошулган саясий партияларды алып өзүбүздүн ой-пикирибизди жеткиргенге аракет кылабыз. Муну азыр айтканга болбойт. Себеби 16-декабрдан кийин билинет.

- Сиз мына ушундай ачуу-сындарды бийликтин дарегине карата айтып келе жатасыз. Сиздин өмүрүңүзгө же жакындарыңызга кандайдыр бир коркутуп, үркүтүү, коркунуч туудуруу болгон жокпу?

- Эң башында башталаарда эле менин балдарыма телефон чалып айтып койгула дептир. Чоң билборт шитти отуз тонналык, ошону баарын тең кыйып, аралап, Сокулук жакка таштап коюптур. Андан тышкары биздин Ысыккөлдө штабдын жетекчисинин буттарын сындырып кетти. Андайларды айта берсе көп.

- Демек, мындай коркутуп, үркүтүүлөр баары бир сиздин эркиңизди майтара албайт деп айта аласыз.

- Мен алардан эмнеге коркмок элем. Мен деген чындыкты айтсам. Өйдө ылдый болот, саясат болот ошон үчүн баарына чыдаш керек. Эгерде саясий партияга киргенден кийин эл үчүн иштеп беришибиз керек да.

XS
SM
MD
LG