Иран жана Өзөктүк кубат боюнча эл аралык агенттик – МАГАТЭнин өкүлдөрү ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн экинчи айлампасы аяктады. ИРНА маалымат агенттигинин кабарына ылайык, тараптар Ирандын уранды байытуу иштери тууралуу пикир алмашты. Сүйлөшүүнүн жыйынтыктары боюнча азырынча билдирүү жасала элек.