Президент Курманбек Бакиев бүгүн 13-декабрда улуттук сыналгы аркылуу түз байланышка чыгып, калкынын суроолоруна жооп берип, мамлекеттин саясий жана экономикалык турмушундагы маанилүү маселелер боюнча маалымат берди. Мамлекет башчынын сөзүндө үч күндөн кийин боло турган шайлоолорго өзгөчө басым жасалды. К. Бакиев шайлоого аттанган 12 партиянын айрымдарын атап өтүп, алардын ичинде «Ак Жол» партиясын «чыныгы элдик партия» деп баса көрсөтүп, жаш болсо да бул партиянын катарында элге белгилүү адамдар бар экенин, алар мамлекеттин бардык жүгүн көтөрүп иштегенге чечкиндүү даярдыкта турганын айтып мактап өттү. «Ак Жол» бийлик партиясынын жолуна түшкөн жок, анын катарына күчтөп киргизүү саясаты болгон жок, тескерисинче мага бир топ жерден чиновниктер айтышты, кирели дедик эле бирок өтө албай койдук деп. Бул чыныгы элдик партия»,-деп баса белгиледи Курманбек Бакиев.Президент ошол эле учурда тигил же бул партияга добуш бергиле деп үгүт жүргүзүүдөн алыс экенин белгилеп, жарандарды шайлоого активдүү катышууга жана иштерман партияларды тандап добуш берүүгө чакырды.(KCh)