Бул тууралуу саясатчы «Азаттыкка» берген интервьюсунда билдирди. «Маалымат каражаттары аркылуу бийлик органдары аралашкан жок деп айтылганы менен, жер-жерлерде бийлик органдары коркутуп-үркүтүүгө чейин барып атат. Министрликтердин кызматкерлери мамлекеттин эсебинен жер-жерлерге келип, өзүнүн туугандарын бийлик партиясы үчүн үгүттөп, болбосо мени бошотот деп жүрүшөт. Бул бардык жерде ачыктан ачык жүргүзүлүп жатат. Кылмыш өкүлдөрү да бүгүн Куршабда партия өкүлдөрүн коркутуу аракетин кылып жатат. Ошто ондон, жүздөн бюллетень ыргыткан актылар түзүлдү. Кочкоратада ведомость менен акча тараткан мамлекеттик ишкананын өкүлү видеотасмага түшүрүлүп, акт түзүлдү. Азыр эле телеканалдан Айдаралиев шайлоо жакшы өтүп жатат деди. Ал премьер министрдин милдетин аткаруучу катары бир жума Таласка барып эмне деген иштерди жасап, эмне деген убадаларды берип келген жок. Ушунун баарын эл көрүп турат, анан кантип мыйзам бузуусуз өтүп атат деп айтышат, мен түшүнбөйм. Эл көрүп турган нерсени алдай берсе, бул бийликтин кадырын гана түшүрөт» деп билдирди Текебаев «Азаттыкка». Текебаев Жалалабад облусундагы Акман участогунда добуш берди. (BuS)