Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:57

ТӨЛӨЙКАН ИСМАИЛОВА: ШАЙЛООЧУЛАРДЫН УКУКТАРЫ ЗӨӨКҮРДҮК МЕНЕН ТЕПСЕЛДИ


“Жарандар коррупцияга каршы” укук коргоо борборунун жетекчиси буга чейин болуп көрбөгөндөй коррупциялык, зөөкүрлүк, уятсыз шайлоо болду деп 16-декабрда өткөн парламенттик шайлоону катуу сынга алды.

- Биз партнердук уюмдар канча күндөн бери масштабдык эгемендүү көз карандысыз байкоо жүргүздүк. 16-декабрда эртең мененден баштап азыркыга чейин мастшабдуу фальсификациялар болду. Эң чоң нерсе - конституциялык норма болгон шайлап жана шайлануу деген укукту бийлик ушунчалык тепселеди. Анткени, шайлоодон мурунку күндөрү электр энергияга эмне үчүн төлөбөйсүңөр деп квартальный, домкомдордун баары опрос жасашкан, “кайсы партияга добушуңарды бересиңер” деп. Эгерде адам мен өзүм билем кайсы партияга, же “Ата мекенге”, же оппозициялык бир партияны айтса, алар сөзсүз түрдө мурунку референдумдагы тизмелерден чийилип калган. Ошон үчүн бир эле сотто 300гө жакын жарандар катталды. Алардын конституциялык укугун бийлик 16-декабрда алып койду.

Ушундай процесс Талас облусунда да жүрдү. Анткени таластыктардын көз карашы альтернативдүү болчу. Ошон үчүн көпчүлүк таластыктар өзүнүн конституциялык укугун мыйзам жүзүндө ишке ашыра алган жок. Ошончолук тоскоолдук болду. Мен эч качан 1999-жылдан бери көргөн эмесмин, милиция ушунчалык зөөкүр болуп, өзүнүн жарандарына каршы балта чабат деп ойлогон эмесмин. Анткени, акимиаттарга эл аралык байкоочулардын баарын тең киргизбей атышты. Биз Октябрь, Свердлов, 1-Май, Ленин акимиаттарынан көрдүк. Анткени, Ленин райондук акимиатка мырза Конгантиев толтура милицияны, спецназды өзү алып келди жана ошол жерде ГКНБнын чекисттери да туруп, эгемендүү байкоочуларды түртүп, мына Токтайым Үмөталиеваны сабаганга дейре барышты.

Эл аралык байкоочуларды приказ келди деп киргизишкен жок. Эл аралык кризистик топтун адамын дагы Свердлов акимиатына эч кандай киргизбей, “силердин укугуңар жок, биз кыргызстандыкбыз, биз милициябыз, биз тартип жасап атабыз” деп коюшту. Биз айттык, кечирип коюңуздар кайсы тартипти карап атасыздар, силер көчөдөгү криминалды карагыла, бул шайлоо процесс десек, шайлоо комиссиясынан бир дагы киши чыккан жок. Жалаң милиция, майор Субанбеков, майор Исмаиловдор, силерге киргенге болбойт деп айтышты.

Акыркы шайлоо процессин кандай эсептешти? Бул ушунчалык кейиштүү жана трагедиялуу. Анткени эч бир адам көрө алган жок. Токтайым айтып кеткендей, комиссия мүчөлөрү акылдашуу укугу менен тышта жүрүштү бакырышып, "Качан чыгат комиссиянын төрагасы, киргизеби, же киргизбейби?" деп.

“Карусель”, “ыргытуу” деген технологияларды аябай пайдаланылды. Мисалы, “Рахат” деген кафеде “Ак жол” партиянын жаштар жетекчиси Кунакунов мырза ошол жерге "Рафиктер" менен студенттерди атайын алып келип атты. Ошол маршруттун артынан жүрүп көрүп аттык, “Акөргөөгө” келишти, участкаларга алып барып туруп бюллетендерди кандай ыргытып атышканын. Шайлоо комиссиялардын бири дагы пальтолорун чечкен жок. Анткени пальтолоруна бюллетендерди толтуруп алып, мыйзамсыз, бетсиз шайлоо болду.

Биз көрбөгөндөн кийин, протоколдорду көрсөтүп, мыйзам ченемде печать койбогондон кийин кээ бир райондук комиссияларда төрага баарын таштап качып кетип атты. Бир жерде ары жакка кирип алып арак ичип атты. Ушунчалык мыйзамсыз коррупциялык шайлоону биз эч качан Кыргызстанда башыбыздан өткөргөн эмеспиз. Эл аралык уюмдар, ички эгемендүү байкоочулар баарыбыз туруп айтабыз: мындай шайлоо авторитардык режимге алып келет. Биз кыргызстандыктар андай режимде жашай албайбыз. Биздин Конституцияны ушунчалык тепселегенден кийин бул бийлик - бетсиз бийлик. Биз андайга чыдай албайбыз, биз соттошобуз. Эл аралык деңгээлге чейин айтабыз, механизмдердин баарын билебиз. Анткени, Кыргызстан таза шайлоо аркылуу гана өнүгүп жана татыктуу лидерди алып келет. Бул биздин корутунду жыйыныбыз.

Жаш шайлоочуларга бийлик ушунчалык балта чапты. Биринчиден, студенттердин баарын акмак кылды. Экинчиден, бир “рафиктен” экинчисине түшүп, акча алып, арак ичип, бюллетен ыргыткан жаш балдар кандай жаран болот. Муну бийлик жасап атты. Аларды кылмышкер бийлик деп эсептейбиз.

XS
SM
MD
LG