Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Февраль, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:04

ШАЙЛОО 2007: “АЗАТТЫКТЫН” ОКУРМАНДАРЫ ОЙ БӨЛҮШӨТ


“Азаттыктын” кат куржунуна келип кат-кабарларда Кыргызстанда өткөн шайлоо боюнча ар түрдүү ой-пикирлер кездешет.

Мен толугу менен "Ата Мекен" партиясын колдойм. Азыркыдай болуп жаткан фактыларга көз карашым туура эмес. Тоң районунун жашоочуларына толугу менен кошулам. Ошентип жолду торой турушсун. Эмнеге "Ак Жол" партиясын жалаң өкмөткө көз каранды мекемелер колдогонго аргасыз болуп жатышат? Анткени, жумуштан бошотуп жиберет деп коркушат. Списоктор такталбаган, менин кызым да списокко кирбей калыптыр. Комендант келип тактап кеткенде бар болчу. Аргасыз Ленин райондук сотуна барып кошумча тизмеге коштуруп келдик. Себеп дегенде башкалар колдонуп албасын дедик. Менин ой-пикирим ушундай. "Ак Жол" партиясы күч колдонуп биринчи орунга өттү десем болот. Бактыгүл

Эми туугандар акча, арак жана андан башкасын тараткан илгери эле өнөкөткө айланбады беле. Бул жолкусунда жаны ыкма ойлоп табыша коюптур-тизмеге бир үйдө жашаган 3 кишинин бирөө гана киргизилет, а калгандарын соттон барып чечим алып кел деп айдайт. Кээ бири согунуп-согунуп алып кайта үйлорүнө кете беришет. Бирок мени кубандырган нерсе, Мадумаров фйткандай "Народ-это быдло" болгон жок. Көптөгөн жарандар Ленин райондук, Октябрь райондук сотторго кайрылып жатышты. Муну адам укугун жөн эле бузуу эмес, адам укугун тебелеп-тепсегенге жатат. Мунун аягы жакшылык менен бүтпөйт го деген ой пайда болот. Артка кылчайып карасак Акаевдин заманы так эле ушундай парламент шайлоосундагы шайкоолук менен аяктабады беле? Мындын ары байкуш Кыргызымдын тагдыры эмине болот, кимге жем болуп, кимге кул болу калабыз деген ойлор эч уктатпай келе берет. talant_bis@yahoo.com


“Ак Жол”, “Ата Мекен” партиялары алдыда болобу же артта болобу, мени кызыктырбайт. Кыргызстандын чыныгы гүлдөшүн ойлогон, экономикалык жактан көтөргөн, кедейлерге, алсыздарга чын жүрөгү менен күйүп жардам бере турган партия утуп чыкса деп көптөн көп тилеп кетким келет. Саламым менен Сарногоева Гулсана, Италия.

Мен барган Лебединовка айыл өкмөтүндө жайгашкан 187 шайлоо участогунда адамдардын укуктары ушунчалык тебеленди десек да болот. Анткени, бул шайлоо участокто аты- жөнү жок, бирок пропискасы бар адамдар көп кездешти. Аламүдүн райондук сотто соттолгон адамдардай чечимди күтүп отурдук. Чечим чыккандан кийин судьялар "Ак жолго" сал эми” деп чечимди кайтарып берип жатышты. Ушул участоктогу комиссия да, байкоочулар да ушул жерде иштегендер экен. naks-p@mail.ru

Салам Кыргызстан! Мен Казакстандын Темиртау шаарынан жазып жатамын. Азыр сайтка кирип, шайлоонун жыйынтыгын көрү ишенбедим. Мындай болушу мүмкүн эмес. Бийлик болгон араккетин салып өзүнүн партиясын өткөрүп жатат да. Чыныгы жыйынтык андай болбосо керек деп ойлоймун. Биздин бийликке ишенич жок деп айтса болот. Азат, Казакстан.

Москва шаарында турам, бул жерде окуймун. Өзүм 20 жаштамын. Бүгүн шайлоо күнү мен ар бир Кыргызстандын жаранындай эле добуш берүүгө Москвадагы Кыргызстандын посольствосуна бардым. Бирок мага ал жерде сиз тизмеде жок экенсиз деп добуш берүүгө жол тосушту. Ал тизмеге көрсө шайлоого чейин жазылыш керек экен. Мен посольстводо учетто турам десем дагы, алар Конституциянын жаңы редакциясы боюнча ошол тизмеге туруш керек элеңиз дешти. Мен ал тизмеде 7жарым миң эле адам катталганын билдим. Албетте, Москвада кыргыздардын саны андан көп. Бул иш мыйзам чегиндеби же административдик ресурстун ишке ашуусубу? Кубат Равшанбекович, Москва

Темир Сариев "Азаттыкка" берген интервюсунда "Биз Түндүктөн алган жана баардык маалыматтарды санап чыгабыз" деп өтө туура эмес сөз айтыптыр. Көрсө Темике Кыргыз журтчулугунун № 1 - душманы тура. Элди минтип экиге бөлүү жакшылыкка алып барбайт.Саясат жасайбыз деп мынчалык пастыкка түшүү жарабайт. Чындыгында эл ичинде "Ата мекен" партиясынын кадыры жок. Себеби, ал партиянын башында "сасык" байлар турат. Акча көп жерде эч качан адилеттик болбойт. Эл ал партиядагы тааныш өндөрдөн жадап бүткөн. Мейли президенттики болсун, мейли башканыкы болсун, азыр эл "Ак жол" партиясына чоң үмүт менен кароодо.Биз азыр митингдерде өз талепкерлерин таштай качкан оппозиция өкүлдөрүнө эмес, "Ак жолго " ишенебиз. Эгер алар да ишеничти актабаса дагы да жаңы партиялар жарала берет. Албетте, ар бир нерсенин өз мезгили бар. Азыр мезгил "Ак жолдуку". Бирок мунун баары убактылуу. Келечекте "Ак жолдон" да күчтүү партиялар чыгышы мүмкүн. Ал эми буга чейинки оппозиция өз доорун өтөп бүттү. Бул жеңилүүнү жигитче моюнга алыш керек. zairajimatov @mail.ru

Шайлоо адилеттүү өттү деп ойлойм, негизгиси эл үчүн таза ичпей-жебей иштеп беришсе болгону. joldoshbek07@rabler.ru

XS
SM
MD
LG