Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:50

ШАЙЛОО 2007: ЭЛ ЭМНЕ ДЕЙТ?


“Азаттыктын” кат куржунуна келип түшкөн ой-пикирлерди жарыялоону улантабыз. Аноним каттар жарыяланбайт. Келген дареги так көрсөтүлгөн ой-пикирлерге гана орун берилет.

Биз жаштар шайлоонун жыйынтыктарына ишенбейбиз. Кайрадан карап чыгышын талап кылабыз, эгер алар аткарылбаса каршылык акциясынын масштабын кеңейтүүгө даярбыз.Биз өз укуктарыбыз үчүн биригебиз!!!! osmonov@list.ru


Бул Жогорку Кеңешке шайлоо абдан булганычта өттү. Айталы, мен Бишкек шаарындагы бир шайлоо участкасында иштедим. Участокто таза өткөнү менен райондук акимиатка барганда протокол болуп көрбөгөндөй бир партиянын кызыкчылыгына өзгөртүлүп, беттери кызарбай жасап салышты. Эртеден бери тырышып так-таза иштедик деген үмүттү алеки саата тепселеп, кайра кайттык. Бийлик акмакчылыкка барды. Эгерде эл толкуп, оппозиция толкуп революцияга чейин барып өз укугубузду коргобосок, анда минимум 10-15 жыл Бакиев Кыргызстанды БАКИЕВСТАН кылат. Калайык калк, ойгонгула, тургула. Өз элин кордогон адам эч качан онолбойт. БАКИЕВ кетсин! 13@on.kg


Шайлоодон кийин Кыргызстанда жашагым келбей калды. Мындай ыплас өлкөдө балдарымдын кийинки келечеги эмне болот? bakty@mail.ru

Кайран Акаевдин мезгили алтын мезгил турбайбы. Ай-ай эмнегедир билбейм, Бакиевдин кетишин каалайм. nazir20@mail.ru

Эгер Ата мекен партиясы уруш чыгарып
жиберсе кандай болот? Буга мамлекет жол бербесе керек? Ema8787@mail.ru

Шайлоо адилеттуу өттү деп ойлойм. "Ата мекен" 0,5 пайызды камсыз кылып алып анан атандашсын. Бир жагынан ойлоп турам эртең сот 0,5 барьерди алып салып "Ата мекенге" боор ооруп койсо деп. juma71@mail.ru

XS
SM
MD
LG