Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:00

09:03 БШК: Парламентке өтүү ыктымалдыгы бар партиялар – «Ак жол», «СДП», Коммунисттер


Мындай маалымат БШК төрайымы Клара Кабиловадан алынды. Акыркы чечимди БШКнын отуруму кабыл алышы керек деп билдирди төрайым «Азаттыкка». Кечээ БШКнын буга чейинки болжолдуу маалымат боюнча, шайлоого катышкан 12 саясий партиянын ичинен баарынан көп добушту «Ак жол» партиясы алып, андан кийинки орунга «Ата мекен» партиясы чыккан. Бирок, оппозициялык партия Ош, Баткен облустарында, Ош шаарында жарым пайыздык чектен өткөн жок деген тыянак чыккан. Жогорку Сот «Ак жол» партиясынын арызынын негизинде жарым пайыздык чекти жокко чыгаруу чечимин кечээ кабыл алган. «Ата мекен» болсо кечээ шайлоо ыплас өттү деп, анын тыянагын тааныбай тургандыгын жарыялаган. (BuS)

XS
SM
MD
LG