Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:51

АВТОРИТАРИЗМ КУЛАЧЫН КЕҢИРИ ЖАЙДЫБЫ?


Өлкөдөгү парламенттик шайлоодон кийин түзүлгөн кырдаал тууралуу талдоочулардын пикири ар түрдүү. Шайлоо бүткөнүнө үч күн болгону менен анын акыркы жыйынтыктары дале болсо чыкпай жатканы, жарым пайыздык чектин айланасындагы окуялар көптөгөн талаш-тартыштарды жаратууда. “Ак жолдун” утушун, Орусиядагы Путин түзгөн партиянын утушуна салыштырып мактагандар, ошол эле партиянын жолоюна түштү дешип сындагандар да болууда.

Парламенттик шайлоонун жалпы жыйынтыгы дале болсо чыкпай, анын кандай өткөндүгү тууралуу талаш-тартыштар басылбай келет. БШКнын акыркы маалыматтарына ылайык жарым пайыздык чекти “Ак жол” , “Коммунсттер партиясы” жана Социал-демократтар өттү. Ал эми “Ата мекен” партиясы жарым пайыздык чекти өтө алган эмес. Бирок “Ата мекен” партиясы шайлоонун жыйынтыктарын тааныбай турганын жар салды. Талдоочулардын баамында, өлкө мындай жол менен бара турган болсо жакынкы келечекте өнүгүшү кыйын. Саясат талдоочу Токтогул Какчекеев мындай дейт:

- Эгерде “Ата мекен” өтпөй калса, анда ошол эле партияга кирген адамдардын артында турган эли өз каршылыгын көрсөтөт. Анткени, өз жеринде элди бөлүп-жарган болбойт. Жекечилик менен өз партиямды гана өткөрөм деген да болбойт. Ошондуктан беш-алты партия парламентке өтүп кетсе, андан эч кандай жаманчылык болмок эмес.

Кайсы бир талдоочулар “Ак жолдун” алдыга чыкканы табигый көрүнүш экендигин, анткени эл аны түзгөн президентти колдой турганын, Орусия менен Казакстанда деле ошондой болгонун, андыктан бул партиянын жеңиши менен баары жакшы болорун айтып жатышат. Дагы бир саясат талдоочу Жолборс Жоробеков мындай дейт:

- Коңшу турган Казакстан, Орусияда деле ушундай шайлоолордон кийин көпкө чейин оппозиция маанайындагы адамдар өздөрүнүн терс ой-пикирлерин айтып келишти. Ошондуктан бул жагдай эч кандай жаман окуяларга алып келбейт. Муну көбүртүп-жабырта бериштин кереги жок. Баары жакшы болот.

“Ата мекен” партиясынын лидерлеринин бири, белгилүү ишкер Өмүрбек Абдырахмановдун пикиринде, саясий атаандаштык болмойюнча өлкө өнүкпөйт. “Кыргызстанда бийлик күч менен “Ак жолду” парламентке алып келип, атаандаштарын биротоло жок кылууга бет алды”,- дейт ал:

- Саясий атаандаштык болмоюнча экономикада өсүш болбойт. Бүт дүйнөдөгү тажрыйба ушуну айтып турат. Илгери хандар, королдор бийликти монополия кылып алышкан. Ага каршы болушту. Кийин КПСС монополиялап алды. Эми КМШ өлкөлөрүндө президенттер бийликти монополиялап алабыз деп атышат. Мына, Кыргызстанда да ушундайга жол берилди. Орусиянын эң чоң диктатору В.Путин “Курманбек Салиевич, азаматсыз, бийликти күч менен тартып алдыңыз”,- деп куттуктап атат. Дагы айтып коёюн, бир бийлик үстөмөндүк кылган жерде өсүш болбойт. Орусия, Казакстандагы өсүш жасалма өсүш.

Ал эми “Эр айдоочу” коомдук уюмунун жетекчиси Качкын Булатов, кырдаалга төмөнкүдөй баа берет:

- Бүгүн курман айт болуп токтоп калышты деп ойлойм. Эртеңден баштап менимче, “Ата мекен” сыяктуу оппозициялык күчтөр нааразычылык акцияларына чыгат болушу керек.

XS
SM
MD
LG