- Сиздердин эсеп кандай болууда. Оштон жарым пайыздык чектен ашканыңыздарды далилдей аласыздарбы?
- Биринчиден, Ошто шайлоочулар менен жолугушууда 700 орундуу драм театрга бир жарым миңден ашык шайлоочулар келип, жолугушуу абдан ысык маанайда өткөн. Экинчиден, шайлоо өткөн участоктордун бүткөндөгү жыйынтыгы менен 40 ашык протоколдорунда жазылып турат 2 миңден ашык шайлоочу бизге добуш бергендиги жөнүндө. Оштогу жергиликтүү шайлоо участогунун башчысынын жана мүчөлөрүнүн колу коюлган протоколдор биздин колубузда турат. Бирок “казанчынын өз эрки, кайдан кулак чыгарса” деп мына 3 күндөн бери Оштон же машине келалбай, же учак учпай, бюллетендерди жасап жатканы ачыктан ачык эле көрүнүп калды.
Булар шайлоонун жыйынтыгын бурмалап, отуруп алып жасап атышты. Биздин өкүлдөрүбүздү БШКга кийиhбей, өз билгенин жасап атышат. Азыр эле Коммунисттер айтып кетишти, 2 пайыздан 5 пайызга секирттирип, бир күндө 60 миң добушту аларга жана башка да партияларга кошуп, эптеп эле “Ата мекенди” таптакыр өтпөй калсын деп атышат. Кыргызстандагы “Ата мекен” партиясынын мүчөлөрүн жана шайлоочуларын эсепке албай? тебелеп-тепсеп атышат.
-Кечээ “Ата мекендин” өкүлдөрү бүгүн Бишкекте ачкачылык акциясын баштаары тууралу айтылды эле. Бирок кийинчерээк бул чечим өзгөргөнү белгилүү болду. Ага эмне себеп болду?
- Биз “Ата мекен” партиясынын жетекчилери унчукпай турганбыз. Анткени сот, укук аркылуу биз өзүбүздүн укугубузду калкалап калабыз деп ойлогонбуз. Бирок кечээ күнү түштөн кийин жер-жерлерден жүздөн ашык “Ата мекен” партиясынын жактоочулары келип, эмне отурасыңар, эмне кыймылдабайсыңар, эмне үчүн добушубузду уурдатып ийип отуруп калабыз деп кабыргасынан маселе коюшту. Силер каалайсыңарбы, каалабайсыңарбы биз эртеңден баштап көчөгө чыгып, айыл өкмөттөрүнө, андан кийин акимчиликтерге чыгып өз добушубузду сактап калууга аракет жасайбыз деп чечим кабыл алышты. Ошондон кийин ачкачылык жарыялайбыз деп биздин бир топ мүчөлөрүбүз айтты.
- Эми партиянын мындан аркы аракеттери кандай болмокчу?
- Эми партия колдон келген закондуу нерсе менен биздин жактоочуларбыздын добуштарын уурдаган уурулуктарын элге көргөзүп, бизге берген добушту сактап калганга аракет кылабыз.
- Маегиңизге ырахмат.