Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:18

“АТА МЕКЕНЧИЛЕР” БИШКЕКТЕ ДА АЧКАЧЫЛЫК АКЦИЯСЫН БАШТАДЫ


Бүгүнтөн тарта “Ата Мекен” партиясынын активист мүчөлөрү: Нуржамал Байболова, Асия Сасыкбаева, Бактыгүл Жээнбаева, Татьяна Пономарева жана башка–он чакты аял мөөнөтсүз ачкачылык жарыялашты. Алар 16-декабрда болуп өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгын тааныбай тургандыгын айтышып, кайра баштан шайлоо болуусун, же добуштардын кайрадан саналышын талап кылышууда.

Ачкачылык акциясынын катышуучуларынын бири, Бишкек шаар кеңешинин мурдагы төрайымы Нуржамал Байболова Кыргызстан коркунучтуу жагдайга кептелди деп эсептейт. Анын айтуусунда жалаң мыйзам бузуулар менен болгон шайлоо легитимсиз:

-Биздин максатыбыз – мамлекеттеги болуп жаткан мыйзам бузууларды, мыйзамды, Конституцияны уятсыздык менен, зөөкүрлүк менен тебелөө жараянын токтотуу аракети. Азыркы шайланды деген парламент –легитимсиз.

Нуржамал Байболованын айтуусунда ачкачылык чарасы “Ата Мекен” партиясынын жер-жерлердеги шайлоочуларынын укугун коргоо максатында да болууда:

-Шайлоодогу адилетсиздиктерге каршы активдүү аракет жасабай жатасыңар деп, биздин жер-жерлердеги тарапкерлерибиз өтө катуу талап коюп жатышат. Алар “Ата Мекен” үчүн берген добушун, укугун сактап калууну, коргоону талап кылышууда. Ошондуктан, биз мына ушундай чараларга барууга муктаж болуп жатабыз. Анткени болуп жаткан мыйзам бузууларды токтотууну бирден бир гана аракети –ушул болуп калды, -дейт Нуржамал Байболова.

“Ата Мекен” партиясы шайлоо учурунда эки миңге жакын шайлоо участогуна байкоочу койгон. Добуш берүү учурунда жергиликтүү бийлик тарабынан кийлигишүүлөр болгондугун, мыйзамды участкалык жана аймактык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү өздөрү баш болуп бузушкандыгы тууралуу жүздөгөн актылар түзүлсө да, алардын баарына БШК кол шилтеп койду дешет партиянын мүчөлөрү. Ачкачылык кармап отургандардын дагы бирөөсү Бактыгүл Жээнбаева шайлоочулардын тизмесинин кайра баштан өзгөртүлүүсү “Ата Мекендин” добуштарын “Ак жолго” колдонуу максатында атайын жасалган деп эсептейт:

-Бир ай мурун Референдумга эч кандай тоскоолдуксуз эле добуш берген шайлоочулар шайлоо кунү барып эле тизмеден атын таппай калып атышты. Бир үй-бүлөдөн эле атасы башка участокко киргизилип, апасынын фамилиясы такыр жок, ал эми беш-алты жылдан бери Орусияда жүргөн баласынын аты катталып жүрөт. Мунун баары атайын “Ата Мекендин” добушун бийликтин партиясына алып берүү үчүн жасалган иш.

Шайлоо күнү участкалык шайлоо комиссияларына бийлик тарабынан түрдүү басымдар болуп, анын баары “Ак жол” партиясынын кызыкчылыгы үчүн жасалгандыгы айтылууда. Акциянын катышуучуларынын бири –Бейил Байдакеева буга мисал катары Бишкектин Ленин районундагы бир участкалык шайлоо комиссиясынын төрайымынын акимдин кысымын көтөрө албай, тез жардам менен ооруканага жеткирилгендигин айтып кетти:

-Мен эрте менентен кечке чейин Ленин райондук шайлоо комиссиясында отурдум. Ленин району боюнча үч участоктун төрагалары жыйынтыктарды бурмалабай алып келген экен, алар ошол замат аким тарабынан басымга дуушар болушту. Алардын бири финансы техникумунун завучу акимдин кысымын көтөрө албай, тез жардам менен ооруканага жеткирилди.

“Ата Мекен” партиясынын жүзгө чукул тарапкерлери шайлоо адилетсиз өткөндүгүн белгилешип, шайлоонун жыйынтыгына нааразылык билдирип 18-декабрда Ошто жана Жалалабатта ачкачылык жарыялашкан. Ысыккөлдүн Тоң районунда шайлоонун адилетсиз өткөндүгүнө нааразы болгон шайлоочулар эки күн бою жолду бууп турушту. БШКнын маалыматы боюнча “Ата Мекен” партиясы 8,29% добушка ээ болуп, “Ак жолдон” кийинки экинчи орунда турган. Бирок Ош шаарынан шайлоочулардын 0,5% добушун алалбай калды деген себеп менен партия парламентке өткөрүлгөн жок. “Ата Мекен” партиясынын лидерлери 18-декабрда өткөргөн маалымат жыйынында шайлоонун жыйынтыгын тааныбай тургандыгын билдиришкен.

Бүгүн “Ак жол”, “Коммунисттер” жана СДП дан өткөн парламент мүчөлөрүнө мандат берип жатып, БШК төрайымы Клара Кабилова парламенттик шайлоо бардык демокртатиялык нормаларды сактоо менен өттү деп билдирди:

-Шайлоолор ачык, айкын, демократиянын бардык нормаларын сактоо менен өттү. Добуш берүүнүн жүрүшүнө 20 миңге жакын байкоочу көзөмөл кылышты. Алардын ичинен 594 байкоочу эл аралык уюмдардан,-деди Клара Кабилова.

16-декабрдагы парламенттик шайлоодо демократиянын жоболору сакталбай, түрдүү мыйзам бузууларга жол берилгендигин ЕККУ байкоочулары белгилешкен.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG