Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:36

ШЕНГЕН КЕЛИШИМИНЕ ТОГУЗ ӨЛКӨ КОШУЛДУ


Евросоюздун тогуз мүчөсү - Балтикалык үч өлкө, Чехия, Словакия, Словения, Польша, Мальта жана Венгрия – 21-декабрда Шенген келишимине киришти. Бул окуяга байланыштуу кечээ “эски” жана “жаңы” Европанын чек араларында бир нече көзөмөл-тоскун пункттары алынды. Шенген зонасына кирген өлкөлөрдүн саны 24кө жетти.

Өткөн түнү Шенген зонасынын эски жана жаңы мүчөлөрүнүн чекаралары ачылды. Ал эми аэропорттордогу күзөт-текшерүү жайлары марттын этегинде алынат. Бул окуяга байланыштуу Венгриянын премьери Ференц Дюрчань жаңы муун өкүлдөрү эми алардын ата-энелериндей чекара күзөтүнө келгенде жүрөксүп толкундабай турганын белгилеп, буга өзү да абдан курсант болуп жатканын билдирди.

Польшанын өкмөт башчысы Дональд Туск бу күндү эркиндиктин жеңиши деп атады. Европанын кара түнөк кезеңдери биротоло өтмүштө калды, өлкөлөр арасын, адамдардын жүрөгүн жана ой-сезимин бөлүп турган чекаралар эми жок болду, деп айтты ал.

Германиянын канцлери Ангела Меркель чекаралардын ачылып жатканын эркиндикке тиешелүү иш катары мүнөздөдү. Эркин саякаттап, эркин карым-катнаш жасоонун мүмкүндүгү ачылганын айтып, Меркель мунун канчалык кымбат экенин улуу муундагылар жакшы билерин эске салды. Бүгүнкү мектеп жашындагыларга бул эми кадыресе көрүнүш болуп калмакчы.

Шенгендин тарыхы 1948-жылы башталган. Ошо жылы Нидерландия, Бельгия жана Люксембург өз ара чек араларын ачышкан. Андан төрт жылдан соң Скандинавия өлкөлөрү Түндүк паспорт союзун түзүшкөн. Азыркы келишим 1985-жылы Люксембургдун Шенген кыштагында түзүлгөн жана адегенде ага сегиз өлкө кирген. Кийин аларга Евросоюздун дагы сегиз мүчөсү кошулган. Кечээ түндөн кийин алардын саны 24кө жетти.

Азырынча Болгария жана Румыния Шенген зонасына өтө элек. Мындан эки жыл мурда Евросоюзга кошулган Кипр да чек арадагы контрол режимин сактап калууну чечти. Мындан тышкары Британия менен Ирландия келишимге кошулбай жүрүшөт.

XS
SM
MD
LG