Жогорку Кеңештин мурдагы вице-спикери Эркин Алымбеков өзүн камакка алуу тууралуу Ысыккөл облусунун милициясына жашыруун буйрук берилди, деген маалыматты “Азаттыкка” кабарлады. Ал “Ата Мекен” партиясынын тарапкерлери менен жолугушуу үчүн эртең Караколго барууга даярданып жаткан. “Мага ошол эле бийликтеги адамдар өздөрү мени камоо жөнүндө буйрук берилгенин айтышты. Бирок мен сапарымдан калбайм,” дейт экс-вице спикер. (ZKo)